ЖӨБ маселелери боюнча укуктук колдоо секторунун ченемдик укуктук иши жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 2-январындагы № 9 Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш маселелерин жана географиялык аталыштарды кароо боюнча Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” 2008-жылдын 19-августундагы
№ 467 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыкты.

Токтомдун ушул долбоору менен Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө жобону жаңы редакцияда бекитүү сунушталат.

Бул долбоор коомдук талкуулоо жол-жобосунан өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жайгаштырылды https://www.gov.kg/ru/npa/s/3801.

Долбоор боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды төмөнкү электрондук почтага жөнөтсө болот: spp.gagsmsu.gov.kg@gmail.com.