Административдик кызмат орундарынын улук тобуна кадрлардын резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурс жарыялайт.
ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
I. Улук топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына (У-А), (У-Б) төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:1. кесиптик билимдин деңгээли:— тиешелүү багыттагы жогорку билим;2. иш стажы жана тажрыйбасы:— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;3. кесиптик компетенттүүлүгү:— төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды; -Кыргыз Республикасынын Конституциясы; -«Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы; — Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы; — Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама, ошондой эле тийиштуу тармактагы предметтик закондор, -кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР ТАПШЫРЫЛАТ:
- Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына мамлекеттик кызматтын тобун көрсөтүү менен жазылган жеке арыз;
- Резюме (электрондук почтаны жана телефон номерин көрсөтүү менен);
- Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөсү;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
- илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
- Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).
Документтер жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат.
Дареги: Жалал-Абад шаары,
Эркиндик көчөсү, 11
3-кабат, 302-кабинет,
тел. (03722) 2-16-40