Ноокат районунун Ынтымак айыл өкмөтүнүн
башкы, улук, кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат
орундарына ички резервке
Конкурс жарыялайт!
1. Башкы топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат
орундарына төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— тийиштүү багыттагы жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы
же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-“Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары
жөнүндө” мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү” мыйзамы;
-Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
-“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга
жетүү жөнүндө” мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык
мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
-Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндөгү” мыйзамы;
ошондой эле
Тиешелүү тармактагы мыйзамдардар:
-Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”
— “Жайыттар жөнүндө”;
— “Билим берүү жөнүндө”;
— “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзам;
— Кыргыз Республикасынын “Ички жер которуу жөнүндө”;
— Кыргыз Республикасынын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдары;
-“Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамы
-“Инвестициялар жөнүндө” мыйзамы
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же
расмий тилдерди билүү;
— билгичтиги:
иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп
чыгуу;
түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо,
мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн
жоопкерчилик тартуу;
кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз
убагында көрө билүү жана чечүү;
алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн
мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
— көндүмдөрү:
аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда
тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын
жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген
кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл
алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно
билүү;
натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын,
кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө,
мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды
колдоно билүү.
2. Улук топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат
орундарына төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— тийиштүү багыттагы жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы
же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-“Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү” мыйзамы;
-Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
-“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
ошондой эле
Тиешелүү тармактагы мыйзамдардар;
-Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
-Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”;
-Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдары;
-“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдары;
-“Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” мыйзамы;
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же
расмий тилдерди билүү;
— билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана
практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
— көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
продуктуларды колдоно билүү.
3. Кенже топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат
орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— мамлекеттик жарандык кызматчылар үчүн — тийиштүү багыттагы жогорку билим;
— муниципалдык кызматчылар үчүн — тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим
же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
ошондой эле
Тиешелүү тармактагы мыйзамдардар;
-Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндө”
-“Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө”
-“Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын
-Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
-“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзам;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Айыл чарба багытындагы жер тилкелерин
сатуу-сатып алуу тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө” 2001-жылдын 13-
августундагы №427 токтому;
-Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”;
-“Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети
жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же
расмий тилдерди;
— билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны
практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө;
— көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
продуктуларды колдоно билүү.
Сынакка катышуу үчүн талап кылынуучу иш кагаздар:
Конкурстук комиссиянын атына жазылган арыз, өздүк каттоо баракчасы, диплом
көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүш керек), эмгек китепченин көчүрмөсү
(нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүш керек), паспорттун көчүрмөсү, 3*4 өлчөмүндө 4
даана сүрөт, резюме, өмүр баян, (соттуулугу жок экендиги жөнүндө маалымдайт).
Конскурска катышуучулардын документтери жарыя чыккан күндөн баштап 10
жумушчу күн ичинде Ынтымак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Садирбек кызы Г. кабыл
алат.
Сурап-билүү үчүн 0709 34-65-02 телефонуна кайрылсаңыздар болот.
Дареги: Ынтымак айыл өкмөтү, Ынтымак айылы, Шамшидин көч.№46