Квалификациялык талаптар
Кенже кызмат орундары үчүн (өзгөчө кырдаалдар боюнча адис)
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
— тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим
2. Иш стажы жана тажырыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт
3.Кенже административдик муниципалдык кызмат орду үчүн жалпы мыйзамдар:
1). Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2). Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы

4.Тиешелүү тармактагы мыйзамдар( Өзгөчө кырдаалдар боюнча адис )

— Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” билүүсү.

Конкурска катышуу үчүн тиешелүү документтер(атайын папкага тиркелет):

-өзүнүн арызы;
-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
-өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматы менен)-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөсү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
— паспорттун көчүрмөсү.

Документтер жарыя чыккан күндөн тартып 10 календардык күн ичинде кабыл алынат. Иш убактысы саат 08:30дан 17:30га чейин.

Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга чакырылат.

Дареги: Ысык-Көл району, Семеновка айыл өкмөтү, Садыр-Аке көчөсү,8 айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г. Урбаева