Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтү кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн кенже муниципалдык кызмат орундарына Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызмат орундарына администрациялык ведомствого квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Министринин Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелинин №189 токтому, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна Типтүү квалификациялык талаптарга ылайык бекитилген. Администрациялык муниципалдык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар: – Кыргыз Республикасынын жараны; – соттуулугу жок; – 18 жашка толгон. Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы ченемдик укуктук актылар: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын. Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (К-Б) кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку жана атайын орто кесиптик билими (экономика жана башкаруу, маалымат коопсуздугу, тейлоо сферасы, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, гуманитардык.). иш стажы жана тажрыйбасы: иш стажысына талап коюлбайт; Кесиптик компетенциялары: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө » Мыйзамы кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет: – жеке арыз; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); – нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); – нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо); – документтердин көчүрмөлөрү жана окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу (бар болсо); – паспорттун көчүрмөсү. Документтерди 2024–жылдын 24-сентябрынан 08-октябрына чейин Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Фурманов көчөсү 29 дареги боюнча, конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Тел.03132-42-5-83; 0707035-314. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы Чүй районундагы Бурана айыл өкмөтү