Административдик-аймактык түзүлүш маселелери боюнча бөлүмү

Бөлүм жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:

— республиканын административдик-аймактык түзүлүшү боюнча маалыматтар базасын түзөт жана аны ыкчам жаңылоону камсыз кылат;

— ААТ маселелери боюнча топтомо маалыматты даярдайт, ААТны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Агенттиктин жетекчилигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (ВАК) жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш жүргүзөт;

— ВАКтын кароосуна келип түшкөн документтерди алдын ала кароону жүзөгө ашырат жана Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдеринин долбоорлорун даярдайт;

— Ведомстволор аралык комиссиянын оң корутундусунан кийин калктуу конуштарды жана башка географиялык объекттерди атоо, кайра атоо боюнча, калктуу конуштарды айыл (шаар) категориясына киргизүү боюнча, администрациялык-аймактык реформа маселелери жана ААТнын башка маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун даярдоо боюнча иштерди жүргүзөт;

— Кыргыз Республикасынын Администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик класификаторуна (АААБОБС) киргизилген администрациялык-аймактык бирдиктердин аталыштарын мамлекеттик жана расмий тилдерде шайкеш келтирүү боюнча иштерди жүргүзөт;

— ААТ маселелери жана географиялык аталыштар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын, башка юридикалык жана жеке жактардын арыздарын, кайрылууларын карайт;

— ААТ жана географиялык аталыштар маселелери боюнча тиешелүү министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Илимдер академиясы, ошондой эле башка илимий институттар жана уюмдар менен биргелешип иш жүргүзөт;

— ААТ жана географиялык аталыштар маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга, макулдашууга катышат;

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан административдик-аймактык түзүлүш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышынын абалына мониторинг жүргүзөт.

 

Бөлүм башчыИсалиева Венера Алкановна662576,                  0702225700v.alkanovna@gmail.com
Башкы адисСамаган Карыя622457, 0220678000samkar.kg@mail.ru
Жетектөөчү адисНуржан кызы Аксана662576, 0500779978aksana.nrk@gmail.com
АдисОмокеев Улан Абдиевич622457, 0777083666omokeev.ulan@mail.ru