Ак-Сай айыл өкмөтү кадрлар резервине киргизүү үчүн башкы, улук жана кенже
административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервине кабыл алуу
боюнча КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ!

1. Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына
квалификациялык талаптар:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— тиешелүү багыттагы жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес
же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес;
2. Улук топтогу админитсративдук муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй
типтүү квалификациялык талаптар:
1) кесиптик деңгээли:
— тиешелүү багыттагы жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес
же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой элек тиешелүү кызмат орду
боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий
тилдери;
3. Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй
типтүү квалификациялык талаптар:
1) кесиптик деңгээли:
— мамлекеттик жарандык кызматчылар үчүн – тиешелүү багыттагы жогорку билим;
— муниципалдык кызматчылар үчүн тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же
тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажы талап кылынбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын,ошондой элек тиешелүү кызмат орду
боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;
кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий
тилдери;
Керектелүүчү документтер: Диплом, эмгек китепчесинин көчүрмөсү, (нотариустан
тастыкталган), паспорттун көчүрмөсү, 3х4 сүрөт (4 даана), өздүк карточка, конкурска
катышуу үчүн комиссиянын төрагасына арыз.
Талап кылынган документтерди гезитке жарыя чыккан күндөн тартып 10 күн ичинде
төмөнкү дарек боюнча тапшырсаңыздар болот. Байланыш үчүн 07773880018 Ак-Сай айыл
аймагынын айыл өкмөтү Ак-Сай айылы К.Марданаев көчөсү №7.