Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүңдө” №125 мыйзамынын 1- беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын2-февралындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” №24 Жарлыгына ылайык Арал айыл өкмөтүнүн администрациясы муниципалдык кызматынын башкы, улук жана кенже муниципалдык кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн

 

                                    АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

 

Арал айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек.

 

  1. Администравтивдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:

 

Кесиптик билим денгээли: — жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Педагогикалык тармактарында)

Иш стажы жана тажрыйбасы— жалпысынан 3жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы.
  3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  4. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
  5. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  6. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн №120-токтому менен беитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама ;

 

2.Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

Кесиптик билим денгээли:- жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Финансылык экономикалык, Гуманитардык, Айыл чарба, Ветеринардык, Техникалык, Курулуш, Табигый илимдер, Педагогикалык, Эсептөө техникасы жана инфармациялык технологиялар тармактарында)

Иш стажы жана тажрыйбасы- -жалпысынан 1жылдан кем эмес мамлекеттик жана / же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3жылдан кем эмес иш стажы.

 Кесиптик компетенттүүлүгү:

 — Төмөнкүлөрдү билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Кабинети жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы
  3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  4. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
  5. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  6. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;

7.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн №120-токтому менен беитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама ;

  1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси

 

3.Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн;

 Кесиптик билим денгээли:— жогорку жана орто кесиптик билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Финансылык экономикалык, Гуманитардык, , Айыл чарба, Ветеринардык, Техникалык, Курулуш, Табигый илимдер, Педагогикалык, Эсептөө техникасы жана инфармациялык технологиялар тармактарында)

Иш стажы жана тажрыйбасы – -иш стажына талап коюлбайт.

 

Кесиптик компетенттүүлүгү:

 — Төмөнкүлөрдү билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  3. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”
  4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө ;

 

Тандоого катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

— өзүнүн арызы;

— кадрларды каттоо баракчасы

— 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт

— паспорттун көчүрмөсү

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен),

— өмүр таржымалы ( соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтеринин көчүрмөлөрү;

-нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

-паспорттун көчүрмөсү.

Документтерди кабыл алуу жарыя ММКда чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт:

 

Ноокен району Арал айылы,

Колхоз көчөсү №18

Телефон: 0777785645,0770629116

 

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлерге конкурс өткөрүлүүчү күн жана жай боюнча кошумча маалымат берилет.