Атай айыл аймагынын айыл өкмөтү ички кадрлар резервине кирүү үчүн ачык
конкурс жарыялайт
Административдик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже тобуна кадрлардын
резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурс жарыялайт.
ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
1.Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орду төмөнкүдөй типтүү
квалификациялык талаптар белгиленет:
1. кесиптик билимдин деңгээли:
– тиешелүү багыттагы жогорку билим;
2. иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем
эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес;
Негизги тестирлөө үчүн төмөнкү укуктук ченемдик актыларды милдеттүү түрдө билүү:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Конституциялык Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
– Кыргыз Республикасынын “Жарандарынын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”
Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат
жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен
бекитилген “Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
жөнүндө”.
Улук топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат
орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1. кесиптик билимдин деңгээли:– тиешелүү багыттагы жогорку билим;
2. иш стажы жана тажрыйбасы:– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы
жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем
эмес.
Негизги тестирлөө үчүн төмөнкү укуктук ченемдик актыларды милдеттүү түрдө билүү:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– Кыргыз Республикасынын “Жарандарынын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”
Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат
жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен
бекитилген “Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
жөнүндө”.
III. Кенже топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат
орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1. кесиптик билимдин деңгээли:
– тиешелүү багыттагы жогорку билим же орто кесиптик билим;
2. иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талаптарды койбостон;
Негизги тестирлөө үчүн төмөнкү укуктук ченемдик актыларды милдеттүү түрдө билүү:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат
жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен
бекитилген “Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
жөнүндө”.
КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР ТАПШЫРЫЛАТ:
 Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына муниципалдык кызматтын тобун көрсөтүү
менен жазылган жеке арыз;
 Резюме (электрондук почта жана телефон номерин көрсөтүү менен);
 Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
 нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча
билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөсү;
 нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин
көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
 Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).
Документерди кабыл алуу кулактандыруу жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккандан
баштап 10 жумуш күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат.
Тогуз –Торо району, Атай айылы, Залимтөрөев Данияр көчөсү № 54 ,Атай айыл өкмөтүнүн
жооптуу катчынын кабинетинде кабыл алынат.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөндөгу телефонго кайрылсаңыздар болот:
Тел: 0778 25 99 98
0771 32 32 98
0997 70 84 94