Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына

төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим — Юриспруденция тармагында.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана

муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук

актылары жөнүндө» Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»

Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы №

171 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана

муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө» Жарлыгы.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү

кеңештердин депутаттарын шайлоо” жөнүндө Мыйзамдары.

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз

Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”

№ 120 токтому.

Билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу

даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана

аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык

продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

 

– өздүк арыз;

– өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү

менен);

– резюме сүрөтү жана электрондук почтаны көрсөтүү менен;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана

кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин

көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө

документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).

Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.

Арыз берүүнүн мөөнөтү жарыя чыккан күндөн тартып 10-жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат.

Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Базар-Коргон шары, Б.Осмонов көчөсү 170. (Персонал менен иштөө бөлүмү),

сурап билүү тел: 03736 5-01-40, 5-00-10.

ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана

маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.