Улук-Б  топтогу  шаардык Кеңештин   башкы  адиси  административдик муниципалдык  кызмат  орунуна  төмөнкү  квалификациялык  талаптар белгиленет:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— тийиштүү багыттагы жогорку билим: экономика жана башкаруу, гуманитардык илимдер, педагогикалык, социалдык, саламаттыкты сактоо, маданият жана искусство, табият таануу илимдери, автоматташтыруу жана башкаруу.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенциялары:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле  тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү  мыйзамдарды:  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу  органдары  жөнүндө” мыйзамын;  КР “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу  жөнүндө мыйзамын;  КР иш кагаздарын  жүргүзүү боюнча  типтүү нускаманы  жана шаардык Кенештин  регламентин билүүсү:

Билгичтиги:

— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

— аналитикалык документтерди даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

— эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөрү:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

— ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

— башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Е кызматы боюнча келген иш кагаздарын каттоо, иш жүргүзүү;

Шаардык архив менен методикалык иш алып баруу жана түшүндүрмөлөрдү берүү;

Шаардык Кенештин төрагасынын жана аппарат жетекчисинин тапшырмаларын аткаруу менен кошумча берилген функцияларды аткаруу.

 

Кенже-А топтогу  шаардык  Кенештин  жетектөөчү  адиси административдик  муниципалдык  кызмат  орунуна төмөнкү  квалификациялык  талаптар  белгиленет:

тийиштүү багыттагы жогорку билим: экономика жана башкаруу, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык, айыл чарбасы, автоматташтыруу жана башкаруу, техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология, материал таануу, металлургия жана машина куруу, архитектура жана курулуш, табият таануу илимдери, энергетика жана электроэнергетика, транспорттук техника жана технология, химиялык технология жана биотехнология..

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажы талап кылынбайт.

  1. Кесиптик компетенциялары:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле  тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү  мыйзамдарды:  КР “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу  органдары  жөнүндө” мыйзамын;  КР “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу  жөнүндө мыйзамын;  КР иш кагаздарын  жүргүзүү боюнча  типтүү нускаманы  жана шаардык Кенештин  регламентин билүүсү;

Е кызматы боюнча келген иш кагаздарын каттоо, иш жүргүзүү;

Шаардык архив менен методикалык иш алып баруу жана түшүндүрмөлөрдү берүү;

Шаардык Кенештин төрагасынын жана аппарат жетекчисинин тапшырмаларын аткаруу менен кошумча берилген функцияларды аткаруу.

Кенже -Б топтогу  шаардык Кеңештин  адиси  административдик  муниципалдык  кызмат  орунуна төмөнкү  квалификациялык  талаптар  белгиленет:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

муниципалдык кызматчылар үчүн — тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим: экономика жана башкаруу, айыл чарбасы, гуманитардык илимдер, педагогикалык, социалдык, саламаттыкты сактоо, маданият жана искусство, автоматташтыруу жана башкаруу, табият таануу илимдери ж.б.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажы талап кылынбайт.

  1. Кесиптик компетенциялары:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле  тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү  мыйзамдарды:  КР “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу  органдары  жөнүндө” мыйзамын;  КР “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу  жөнүндө мыйзамын;  КР иш кагаздарын  жүргүзүү боюнча  типтүү нускаманы  жана шаардык Кенештин  регламентин билүүсү;

Е кызматы боюнча келген иш кагаздарын каттоо, иш жүргүзүү;

Шаардык архив менен методикалык иш алып баруу жана түшүндүрмөлөрдү берүү;

Шаардык Кенештин төрагасынын жана аппарат жетекчисинин тапшырмаларын аткаруу менен кошумча берилген функцияларды аткаруу.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

Конкурска катышуу жөнүндө жеке арызы; кадрларды эсепке алуу баракчасы; фото сүрөт; паспортунун көчүрмөсү; соттолбогондугу тууралуу маалымдама; билими жөнүндө дипломдун, эмгек китепчесинин, билимин, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража жана илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө документтердин нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.

Шаардык  Кеңешинин  административдик муниципалдык  кызмат  орундарынын функционалдык милдеттери менен таанышып кетсе болот.

Талапкерлердин документтери кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде (акыркы күнү саат 17-00го чейин) Балыкчы шаардык Кеңешинде  Балыкчы шаары Ж. Абдрахманов көчөсү  № 252  имаратында 2 кабатта кабыл алынат. Байланыш телефондору: (03944) 3-00-12; 3-00-10, 3-00-11,