Улук  кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар төмөндөгүдөй:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим: юридикалык

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

    Негизги мыйзам актыларын:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
  3. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын;
  4. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
  5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү” Мыйзамын;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы                        № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында Иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын”.

Ошондой эле тиешелүү тармактагы предметтик мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Административдик процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Бузуулар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө, Аксакалдар соттору жөнүндө, Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндөгү   Мыйзамдарын билүүсү зарыл.       

  • билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

  • көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү керек.

Кенже  кызмат ордулардын кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тийиштүү адистик багыттагы жогорку же орто кесиптик билим(экономика, юридикалык, курулуш, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, жерге жайгаштыруу жана кадастр, ошондой эле башка профилдер эске алынат)

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Негизги мыйзам актылары:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын   “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

Ошондой эле тиешелүү тармактагы предметтик мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, “Бузуулар жөнүндө” кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби” жөнүндө, Кыргыз  Республикасынын “Ченемдик-укуктук актылар жөнундө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

— билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө.

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

                      Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

  • өзүнүн арызы;
  • 3х4 сүрөт (2 даана)
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты тиркөө);
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • паспорттун көчүрмөсү.

Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, “Балыкчы” шаардык коомдук-саясий  гезитине жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күн ичинде төмөндөгү дарек боюнча тапшыруу керек:

Балыкчы шаары Ж. Абдрахманов көч 258

Балыкчы шаарынын мэриясынын имараты  3 кабаты. 32-кабинети

Кошумча маалыматты тел 0394432771 жана mkk.gov.kg сайтынан маалымат алсаңыздар болот

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча да айтылат.