Кадамжай шаарынын мэриясынын административдик муниципалдык кызмат орундарынын топторуна карата квалификациялык талаптар: • Кыргыз Республикасынын жараны; • 21 жаштан жогору. Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы 3. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; – мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсүнө карата; – мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушуна карата. Предметтик мыйзамдар: – Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”; – “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Документтер «Конкурска» деген белгиси бар папка-скоросшивателге тиркелип тапшырылышы керек. Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар конкурска катышууга жол берилбейт. Конкурска катышууну каалаган талапкерлер «е-Kyzmat» мамлекеттик порталынын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат — https://kyzmat.gov.kg/kg Сынакка катышуу үчүн документтер: өзүнүн арызы; Резюме (Электрондук почтасы, байланыш номерин көрсотүү менен); Райондук ички иштер бөлүмунө сотолгон эмес деген маалымат кат Нотариустан тастыкталган дипломдун көчүрмөсү; Паспорттун көчүрмөсү; Аскердик билетинин көчүрмөсү; Эмгек китепчесинин Нотариустан тастыкталган көчүрмөсү; Сүрөт көчүрмөсү 3×4; Жашаган жеринен үй-бүлөсү тууралуу маалымат Ачык конкурска катышуу үчүн документтерди жарыя сайтка чыккан мезгилден тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен Кадамжай шаарынын мэриясына тапшыруу зарыл. Байланыш телефону: 0775485275 Жазуулар боюнча багыттоо Баткен районунун Алтын-Бешик айыл өкмөтү башкы жана улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарынын кадрдык резервине кабыл алуу боюнча ачык конкурс жарыялайт. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгы, кадрлардын резервине киргизүү үчүн, административдик кызмат орундарынын башкы ( Б-А ) улук (У-А) тобторуна ачык сынак жарыялайт.