Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: Кесиптик билимдин деңгээли: жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табигый илимдер, техникалык илимдер. Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1-жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3-жылдын кем эмес. Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын билүүсү: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы” Предметтик мыйзамдарды билүүсү: Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укутары жана кепилдиктери жөнүндө”Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлө кодекси” Кыргыз Республикасынын “Балдар кодекси” Көнүмдөр: Жогорку жетекчиликтин көрсөтмөлөрүн сапаттуу аткаруу; Документтерди, маалыматтарды жана суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; Кызматтык милдеттерге ылайык иш-чараларды натыйжалуу пландаштыруу, командалык иш; Жарандардын суроо-талаптарына жана ишкердик кат алышууларга мамлекеттик жана/же расмий тилде жоопторду кароо жана даярдоо. Ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикалык колдонуу; Компьютердин жана кеңсе жабдууларынын, ошондой эле зарыл болгон программалык камсыздоонун болушу; Резервге кирүү үчүн тестке катышууга төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл: Сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы; Кадрларды эсепке алуу боюнча баракчасы; 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт; Паспорттун көчүрмөсү; Керектүү кесиптик билиминин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчеси, билими, квалификациясынын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт). Резюме; Өмүр баян, соттолбогондугу жөнүндө маалымат. Документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 27-мартынан 6-апрелине чейин Баткен райондор аралык эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында кабыл алынат. Дарек: Баткен шаары, Б. Ходжаев көчөсү №10, 4-кабинет. Байланыш тел: (03622)-50929 моб. байланыш: 771-553322 Жазуулар боюнча багыттоо Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү улук муниципалдык административдик кызмат орундарынын улук тобун ээлөө үчүн кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт. Баткен районунун Алтын-Бешик айыл өкмөтү башкы жана улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарынын кадрдык резервине кабыл алуу боюнча ачык конкурс жарыялайт.