Биринчи  май районунун билим берүү борборунун боюнча мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адистиги жана адистиги кызмат орундарына кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлерди  тандоо үчүн сынак жарыялайт

Биринчи  май районунун билим берүү борбору

 

—          бош административдик муниципалдык кызмат ордунун улук тобун (У-Б) ээлөөгө (мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси);
—          бош административдик муниципалдык кызмат ордунун кенже тобун (К-Б) ээлөөгө (мамлекеттик сатып алуулар боюнча адиси).

 Мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси кызмат ордуна

 улук тобу (У-Б) квалификациялык талаптар:

  • 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жараны;
  • соттуулугу жок;
  • Кесиптик билим;
  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иш стажы же административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен адистиги боюнча иш стажы;
  • Кесиптик компетенциясы;

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды билүү:

Улук тобунун административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» Мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн   2020-жылдын                      3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарды жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы.

Ыктуулугу:

— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

— аналитикалык документтерди даярдоо;

— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;

— мамлекеттик жана расмий тилдердеги ишкердик кат алышууларды жүргүзүү;

  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөр:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура  бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдери ыкчам жүзөгө ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продукттарды колдоно билүү.

Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериш керек:

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн (У-Б)

Кесиптик билиминин деңгээли:

— экономика жана финансы багыттары боюнча, ошондой эле юриспруденция адистиги боюнча жогорку билим.

Иш тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

      Кесиптик компетенциясы:

Билим:

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», «Коррупцияга каршы иш аракеттер жөнүндө», «Билим берүү жөнүндө», «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» Мыйзамдары.

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адиси кызмат ордуна

кенже тобу (К-Б) квалификациялык талаптар:

  • 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жараны;
  • соттуулугу жок;
  • Кесиптик билим;
  • Кесиптик компетенциясы;

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды билүү:

Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарды жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы.

              Ыктуулугу:

— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторун дайындоо:

— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

— командада иштөө.

Көндүмдөр:

—  ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

— компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продукттарды колдоно билүү.

Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериш керек:

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн (К-Б)

Кесиптик билиминин деңгээли:

— экономика жана финансы багыттары боюнча, ошондой эле юриспруденция адистиги боюнча жогорку же орто кесиптик билим.

Иш тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

      Кесиптик компетенциясы:

Билим:

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», «Коррупцияга каршы иш аракеттер жөнүндө», «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамдары.

            Бардык конкурсанттар үчун:

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү камсыз кылуу керек:

— документтерди кароо жана бош административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө сынакка киргизүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;

— сүрөтү тиркелген белгиленген формадагы жекече толтурулган жана кол коюлган жеке баракчасы;

— таржымалы;

— өзү толтурган өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

— паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

— талап кылынган кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын ырастоочу документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даражаны жана наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, нотариус жана кадрларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн иштеген жери)

— сунуштоо каттары  (каалоочу).

Эскертүү: Биринчи май райондук билим берүү борборунун мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адиси кызмат орундарына талапкерлердин мамлекеттик сатып алуу боюнча тиешелүү сертификаты болушу керек.

Документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 2-августунан 9-августуна чейин, саат 18.00гө чейин Бишкек ш., Жибек Жолу көчөсү №348 Муниципалдык администрация 2-кабат, 12 –кабинет, телефон  623103. Иш көктөмөсүнө тиркеп, жекече берүү зарыл же “Конкурска” деген жазуусу бар конвертте почта аркылуу жөнөтүлүшү керек:

Толук маалымат сайта бар:  www.meria.kg,

 

Эскертүү: Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкер мындан ары сынакка катышууга чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так болууга тийиш.