Бишкек шаардык кеңеши Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын кадрлар резервине талапкерлерди тандоо үчүн конкурс жарыялайт

Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болушу керек;

2) 18 ден жаш эмес болушу керек;

3) кадрлар резервине кирүү үчүн мыйзамдар тарабынан бекитилген квалификациялык талаптарга жооп бериши керек.

Кадрлар резервинин административдик кызмат орундарынын башкы тобуна кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

— жогорку юридикалык билим;

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  • “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы.

Тийиштүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Административдик процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын: “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 319 токтому менен бекитилген  Кыргыз Республикасынын мыйзамдан келип чыгуучу актыларын укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, антикоррупциялык экспертизадан өткөрүү тартиби жөнүндө нускаманы, Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентин билүү;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.

Тандоого катышуу үчүн папкага (дело) тиркелген төмөнкү документтер кабыл алынат:

  • муниципалдык кызмат орундун тобун көрсөтүү менен өздүк арыз;
  • сүрөт менен кадр учету боюнча өздүк барак;
  • таржымал (телефон жана электрондук дарек менен);
  • өмүр баян (соттолгон же соттолбогондугун көрсөтүү менен);
  • нотариус же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтар тарабынан күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу тууралуу, илимий даража, илимий наам ыйгаруу тууралуу дипломдун көчүрмөсү;
  • нотариус же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтар тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепченин көчүрмөсү;
  • паспорттун көчүрмөсү.

Эскертүү: Конкурска мындан ары катышуу үчүн коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана даректери так көрсөтүлүүсү зарыл.

Документтер 2023-жылдын 17-ноябрынан тартып 27-ноябрын кошуп алганга чейин (дем алыш күндөрүнөн тышкары), саат 9.00дөн 18.00гө чейин  (тыныгуу убактысы 12.00дон 13.00го чейин) Бишкек шаары, Чүй проспектиси 166 дареги боюнча Бишкек шаардык кеңешинде №214 кабинетинде  кабыл алынат. Телефону 62-26-27.