2024-жылдын 20-августтан 28-августуна чейин онлайн түрүндө, 9-сентябрынан 3-октябрына чейин Японияда орус тилинде өтө турган «Борбордук Азияда туризмди өнүктүрүүнүн аймактык саясаты» курсу боюнча жалпы маалымат.

Талапкерлер арызын Финансы министрлигине тапшыруусу кажет, арыз тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 24-июнь, 2024-ж. * узартуу мүмкүнчүлүгү жок

 

Талапкерлер жалпы маалымат китепчесин кунт коюп окуп чыгып, андан кийин төмөнкү документтерди чогултушу жана толтурушу керек:

Арыз формасы
Жалпы жарандык паспорттун көчүрмөсү
Сунуш каты
Сиздин уюмдан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин дарегине жазылган коштомо кат (уюмдун расмий бланкында датасы, чыгыш номери, кол тамгасы жана уюмдун мөөрү көрсөтүлүшү керек)

Андан кийин, документтерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин төмөндөгү кызматкерине ТҮЗДӨН-ТҮЗ КОЛУНА тапшырууңузду суранабыз:

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

— Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 58

— Эл аралык кызматташуу башкармалыгы

— Утуров Мурас — (0312) 625313 (2223)

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине документтерди тапшыруу тууралуу бардык суроолор боюнча жогорудагы номерге кайрылсаңыз болот.

 

Тиркемеде:

Курс боюнча жалпы маалымат китепчеси    (жүктөө үчүн бул жерди басыңыз  ↘ )
Арыз формасы   (жүктөө үчүн бул жерди басыңыз ↘ )
Арыз формасынын орус тилине котормосу (арыз англис тилинде толтурулушу керек, орусчасы маалымат үчүн гана тиркелди)   (жүктөө үчүн бул жерди басыңыз↘  )
Сунуш каттын формасы    (жүктөө үчүн бул жерди басыңыз ↘ )