Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл
өкмөтү Улук топтогу административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү
үчүн ачык сынак жарыялайт
Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына
квалификациялык талаптар:
Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим
иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем
эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын;
3. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын;
4. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын;
5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому
менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча
типтүү нускамасын билүү.
Билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана
практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
— Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
продуктуларды колдоно билүү.
Сынакка катышуу үчүн документтер: жеке арызы, кадрларды эсепке алуу
баракчасы, фото сүрөтү (2 даана 3х4) , паспорт, зарыл кесиптик билими, иш стажы жана
квалификациясын ырастоочу документтери (эмгек китепчесинин көчүрмөсү наториустан
тастыкталган жана өмүр баян (соттулугу бар же жоктугу боюнча), билими жөнүндө
документтин көчүрмөсү (нотариустан тастыкталган), резюме.
Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан күндөн тартып 10 (Он) жумуш күн ичинде
төмөндөгү дарек боюнча жүргүзүлөт.
Арал айылы. Т. Жээналиев көчөсү № 56. Мобилдик тел: 0706 16 28 49