Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасынын долбоору талкууланууда

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзу менен биргеликте ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү менен 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасынын долбоорун боюнча кеңири талкууларды өткөрүүдө.

2023-жылдын 21-22-августунда Нарын жана Балыкчы шаарларында жергиликтүү деңгээлдеги аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнүн, айыл өкмөт башчыларынын жана аталган облустардын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын катышуусунда документти талкуулоо болуп өттү.

Жолугушууларга Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Байдылдаев Мурат Курманбекович,  КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматкерлери катышты.

Иш чара, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан USAD “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун техникалык колдоосунда уюштурулду.