Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы башкы , улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

Башкы топтогу мамлекеттик кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы “ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”;
  3. Кыргыз Республикасынын “ Эмгек Кодекси” ;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана мамлекеттик кызмат жөнүндө” ;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “ Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө ” ;
  6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
  7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”;
  8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “ Кыргыз республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнундө”;
  9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “ Корупцияга каршы аракеттенүү жөнундө”;

10.Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама .

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы ;
  2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана мамлекеттик кызмат жөнундө” ;
  3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “ Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнундө”;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнундө” ;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “ Корупцияга каршы аракеттенүү жөнундө”;
  6. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жургүзүү боюнча типтүү нускама.

Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы ;
  2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана мамлекеттик кызмат жөнундө” ;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама .

Санариптик компененттүүлүккө ээ болуу жаатында мамлекеттик кызматчыларга коюлуучу талаптар

-КРдин мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларынан пайдалануу ;

-текст , графика жана таблица турүндөгү редакторлор менен иштөө;

Комьютердик жана социалдык түйундөрүндө иштөө, электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (интернет, элпочта ж.б) ;

-маалыматтын өзгөрүшүнүн жогору ылдамдыгы жана ар түрдүү болуу шартында маалыматтык базалар менен иш жүргүзүү;

-статистикалык маалыматтарга талдоо жүргүзүү жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууга колдоо көрсөтүү үчун маалыматты жаратуу;

-презентацияларды уюштуруу ;

-эсептөөлөр менен байланыштуу сан түрүндөгү маалыматтар менен иштөө;

-маалыматтарды таблица , диаграмма жана график түрүндө көрсөтүү.

-Веб –конференц-байланышты уюштуруу боюнча тиркемелерден пайдалануу ;

-видеоматериалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн вебтиркемелерди колдонуу;

Маалыматтык –комуникациялык технологиялар чөйрөсундөгү мамлекеттик саясаты жана ченемдик укуктук актыларды билуү.

“ Санарип Кыргызстан 2019-2023”санариптик  транформациялоо концепциясынын негизги жоболорун жана мыйзамдарын жана электрондук башкаруу жөнүндө;

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башкы административдик мамлекеттик кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар: (Б-Б):

  1. Кесиптик билимдин денгээли:

-гуманитардык багыттагы жогорку билим (философия , политология , психология,тарых, юриспруденсия , журналистика , эл аралык мамилелер, чыгыш таануу, филология,дене тарбия,спорт ,туризм);

-социалдык багыттагы жогорку билим;(социология, социалдык иштер жаатында жаштар менен иштөөнү уюштуруу);

-педагогикалык багыттагы жогорку билим;

-саламаттыкты сактоо багыттагы жогорку билим;

-экономика жана башкаруу багыттагы жогорку билим (Экономика , менеджмент, коммерция , соода иши ,бизнес информатика, логистика, бизнес башкаруу ,персоналдарды башкаруу, мамлекеттик жана мамлекеттик башкаруу) ;

-айыл чарба багытындагы жогорку билим( агрономия,агроинженерия, зоотехника,ветеринария, айыл чарба продукецияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы,жерге жайгаштыруу , геология);

-архитектура жана курулуш багытындагы жогорку билим;

-эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багытындагы жогорку билим( информатика жана эсептөө техникасы , информациялык система жана технологиялар, интернет технологиялар жана башкаруу )

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы ошондой эле башка чөйрөлөрдө 3 жылдан кем эмес жетекчилик иш
тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат;

  1. Кесиптик компетенциялары :

-төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик тили жөнүндө ” Мыйзамы.

Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын администрациялык –аймактыктүзүлүшү тууралуу” Мыйзамы.  Кыргыз Республикасынын “ Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнундө ” Мыйзамы.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “ Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү  боюнча типтүү нускамасын” жана тейлөөсунө жараша негизги ченемдик укуктук актыларды билүүсү заарыл.

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы улук  кызмат орундары

1) Кесиптик билимдин денгээли:

Экономика жана башкаруу багыттагы жогорку билим;

-айыл чарба багыттагы жогорку билим;

-архитектура , жол жана курулуш багытандагы жогорку билим;

— табият таануу илимдери багытындагы жогорку билим;

-Энергетика жана электроэнергетика багытындагы жогорку билим;

-башкаруу багыттагы жогорку билим;

-саламаттыкты сактоо багыттагы жогорку билим;

-гуманитардык багыттагы жогорку билим;

-педагогикалык багыттагы жогорку билим;

-маданият жана искусство багытындагы жогорку билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

-жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же мамлекеттик кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенциялары:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

  • Кыргыз Республикасынын Бюджет, Салык , Жер, Турак жай Үй бүлө, Балдар кодекстерин;
  • Кыргыз Республикасынын “ Мүлккө мамлекеттик менчик жөнундө ”, “ Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнундө”, “Шаар куруу жана архитектура жөнундө” Мыйзамдарын  Кыргыз Республикасынын “ Ичүүчү суу жөнүндө ” “ Жарандык коргонуу жөнундө ” “ автомобиль  транспорту жөнундө”, “ Ветеринария жөнүндө” Мыйзамдарын;
  • “ Салык эмес төлөмдөр жөнундө ”, “ Мамлекеттик статистика жөнүндө”,
  • “Тынч чогулуштар жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө “ Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө ”, “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамдарын ,Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “ Кыргыз Республикасыныны иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы ”.
  •          -Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик пособиелер боюнча”, “ Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө”, “ Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө”. “ Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд жөнүндө”, “Билим берүү жөнундө”, -Кыргыз Республикасынын “ Дене тарбия жана спорт жөнүндө”, “Мамлекеттик тил жөнундө ”, “ Маданият жөнүндө”, “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө”.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

  • Билгичтиги:

Маалыматты жыйноо,талдоо,системалаштыруу жана жалпылоо;

Аналитикалык документтерди даярдоо;

Тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

Кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;

Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

Эмгектин жаны шарттарына көнүү;

-көндүмдөрү:

Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

Ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

Башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу ;

Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы кенже административдик кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

1) Кесиптик билимдин денгээли:

Жогорку билим финансылык экономикалык багыттары боюнча жана мамлекеттик башкаруу

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– экономика жана башкаруу багыттагы жогорку билим;

– айыл чарба багытындагы жогорку билим;

– архитехтура, жол жана курулуш багытындагы жогорку билим;

– табият таануу илимдери багытындагы жогорку билим;

– энергетика жана электроэнергетика багытындагы жогорку билим;

– башкаруу багыттагы жогорку билим ;

– саламаттыкты сактоо багыттагы жогорку билим;

– гуманитардык багыттагы жогорку билим

– педагогикалык багыттагы жогорку билим;

– гуманитардык багыттагы жогорку билим ;

–– маданият жана искусство багытындагы жогорку билим.

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жургузуу боюнча” типтуу нускаманы,  Кыргыз Республикасынын Жер, Турак жай кодекстерин, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”

Конкурска катышууга керектуу документтердин тизмеси:

 Жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, өмур баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнундөгу маалыматтарды көрсөтуу менен), резюме, фотосүрөт;

  1. Паспорттун көчурмөсу;
  2. Тиешелуу адистик боюнча жогорку билимин, иш стажы жана квалификациясын аныктаган документтер (нотариалдык жактан же иштеген жери боюнча персоналдарды башкаруу кызматы тарабынан кубөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин, жогорку билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнундө документтердин, окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы тууралу дипломдорунун көчурмөсу);
  3. Сунуштама каттар кошумча тиркеме катары тиркелсе да болот;
    жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.

Документтерди жарыя чыккан кундөн тартып он күн ичинде Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын 3-кабатында, Ж.Аматов көчөсү №2 кабыл алынат.

Тел 0558 28-45-45