Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттиги мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү боюнча конкурстун алкагында компьютердик тестирлөө 2026-жылдын 27-октябрынан тартып башталарын маалымдайт.

Талапкерлер «е-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы (https://kyzmat.gov.kg) жеке кабинетин жана электрондук почтасын үзгүлтүксүз текшерип туруусу зарыл (кошумча түрдө «Спам» бөлүмүн текшерип коюуңуздарды өтүнөбүз).

Компьютердик тестирлөөнүн өткөрүлө турган күнү, убактысы жана орду тууралуу маалымат ар бир талапкердин жеке кабинетине билдирүү түрүндө, ошондой эле электрондук почтасына жөнөтүлөт.

Төмөнкү ченемдик укуктук актыларды билүү боюнча тестирлөө өткөрүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси.

Эгерде талапкер тестирлөө этабында 50 % балл алса, анда ал сынактын кийинки этабына киргизилет.

Бардык талапкерлерге ийгилик каалайбыз!

wpChatIcon
wpChatIcon