Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик

2022-жылдын 4-октябрында 2022-2024 жылдарга карата коррупциянын алдын алуу боюнча стратегиялык пландын долбоорун талкуулоо болуп өттү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы Муканова Нурийпа Алиевна, Агенттиктин башчылары жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө, Агенттиктин ишиндеги коррупциялык иштерди алдын алуу, мамлекеттик жана муниципалдык кадрлар маселелери, жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүгө байланышкан башка жол-жоболору, моралдык-этикалык нормалары күмөндүү жана ачык коррупцияга кызыкдар адамдарды ишке албоо жана кепилдик берүүчү персоналды башкаруу системасын, ошондой эле коррупциялык мотивацияны төмөндөтүү боюнча системаларды жана программаларды ишке ашыруусу каралды.