КР ӨКМне караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаменти кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптарды белгилейт:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:
  • жогорку, техникалык илимдер, өзгөчө кырдаалдарда коргоо.
  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:
  • иш стажына талап коюлбайт.
  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1 Төмөнкүлөрдү билүү:

Негизги мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдар:

  • “Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”;
  • “Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар жөнүндө”;
  • “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө”;
  • “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын”.
  • Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

3.2 Билгичтиги:

  • алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
  • -кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
  • өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
  • чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

3.3 Көндүмдөрү:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
  • маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
  • тапшырмаларды аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу;
  • жумушту жана иш убактыны мерчемдөө.
  1. Кызматтык милдеттери
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
  • жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуу;
  • кызматтык этика ченемдерин сактоо;
  • мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында ички эмгек тартибинин, кызматтык нускамалардын эрежелерин, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;
  • кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү квалификациянын деңгээлин сактоо;
  • ченемдик укуктук жана башка актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу;
  • жетекчилер тарабынан берилген буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү, ошондой эле бөлүмгө берилген иш кагаздарды өз учурунда жана сапаттуу аткаруу;

 

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

  • арыз бош кызмат орундун так аталышы менен, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөт 3х4-4 даана;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • эмгек китепчесинин, кесиптик билимин, илимий даражасын же илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

Сынакка катышуу үчүн документтерди төмөнкү адрес боюнча берүү керек: Ош шаары, Моминова көч.11, каб.204.

Документтерди сынак жарыяланган күндөн тартып 2024-жылдын 21-апрелине чейин кечиктирбестен Кадр жана иш кагаздары боюнча башкы адисине тапшыруу керек.

Байланыш телефондор: (0551) 11 22 00.