КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”
мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-
февралындагы УП №24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана
муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө”
жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар
министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн улук топтогу
административдик мамлекеттик кызматынын орундарына ачык конкурс
жарыялайт:
I. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: физика-математика илимдери жана
фундаменталдык информатика; табият таануу илимдери; гуманитардык илимдери;
саламаттыкты сактоо; эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар;
экономика жана башкаруу; маалымат коопсуздугу; айыл чарба жана айыл чарба
илимдери; геодезия жана жерге жайгаштыруу; архитектура жана курулуш; техносфералык
коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология; аскердик билими.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем
эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык
кызмат жөнүндө» мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби
жөнүндө» мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актылары жөнүндө» мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому
менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү
нускама.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», “Жарандык
коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы №243
“Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын электрондук каталогу аркылуу товарларды,
жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуунун тартиби жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу” токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз
Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобосун;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2019-жылдын 31-
декабрындагы №150-П “Мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы ченемдик укуктук
актыларды бекитүү жөнүндө” буйругун.
3.2. Билгичтиги:
— курулуштагы экономикалык суроолорду билүү, калькуляция, сметаларды жана
сметалык-каржы эсептерин жүргүзүүнү билүү;
— аналитикалык жөндөмдүүлүгү, аналитикалык иш-кагаздарын даярдоо, презентация

жасоо жөндөмдүүлүгүнүн болушу;
— сатып алуулар боюнча тендердик иш-кагаздарды жана башка иш-кагаздарды
даярдоо жөндөмдүүлүгү;
— компьютердик жана уюштуруу техникаларды, керектүү программалык
продукттарды колдоно билүүсү.
3.3. Көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно
билүү;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын,
кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө,
мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.
II. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: физика-математика илимдери жана
фундаменталдык информатика; табият таануу илимдери; гуманитардык илимдери;
саламаттыкты сактоо; эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар;
экономика жана башкаруу; маалымат коопсуздугу; айыл чарба жана айыл чарба
илимдери; геодезия жана жерге жайгаштыруу; архитектура жана курулуш; техносфералык
коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология; аскердик билими.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем
эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык
кызмат жөнүндө» мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби
жөнүндө» мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актылары жөнүндө» мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому
менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү
нускама.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу
кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июнундагы №315 “Жарандык
коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында
даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, 2019-жылдын 28-январындагы №16 “Кыргыз
Республикасынын жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2011-жылдын 3-январындагы
№1 “Кыргыз Республикасында өзгөчө жана кризистүү кырдаалдарда бирдиктүү
маалыматтык-башкаруу системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун,
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги;
— документтердин, маалыматтардын, сурамдарга жооптордун сапаттуу даярдоого

жөндөмү;
— командада иштей билүүгө жөндөмү;
— кызматтык алака, көңүл бөлүүгө, демилге көтөрө билүүгө жөндөмү;
— ири көлөмдөгү маалыматтар менен иштей билүүгө жөндөмү.
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же
соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени (электрондук
даректи көротүү менен), сүрөтүн;
— паспортунун көчүрмөсүн;
— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын, квалификациясын ырастаган
документерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын
жогорутулгандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө
документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же акыркы иштеген жериндеги
персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).
Документтерди 2023-жылдын 25-сентябрынан 11-октябрь күнүнө чейин Кадр
жана тарбия иштери бөлүмүнө тапшыруу керек.
Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл
алынат: Ош шаары, Моминова көчөсү 11, каб. 411 (Кадр жана тарбия иштери бөлүмүнө),
тел.: 0554 112 866, 0706 697 373