Агенттиктин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Т.К. Шадыбекова жана А.С. Сулайманова тарабынан Чүй облусундагы Сокулук районунда мамлекеттик, муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актылары боюнча окутуу-семинар өткөрүлдү.
Иш чарага, Чүй облусунун Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорундагы мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилери, жооптуу катчылары, жана персоналды башкаруу бөлүмүнүн кызматчылары болуп жалпысынан 52 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар катышты.
Ушундай эле өнөктүк Чүй облусунун Токмок шаардык мэриясынын жыйындар залында Чүй облусунун Токмок шаарындагы, Аламүдүн, Чүй, Кемин, Ысык-Ата райондорундагы кадр маселеси боюнча жооптуу кызматчыларга уюштурулду.
Окутуу-семинарга, Zoom платформасы аркылуу да катышууга мүмкүнчүлүк берилип, жалпысынан 44 кызматчы катышты. Окутуу-семинарлар катышуучуларды кызыктырган суроо-жооп, талкуулар менен жыйынтыкталды.