кенже  кызмат (гуманитардык блок) ордулардын кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы  орто кесиптик билим.

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажга талап коюлбайт.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдарды билүү жана ошондой эле актылары:

Кыргыз Республикасынын   “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө”, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;

Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды.

 

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

— билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

-соттолбогондугу тууралуу маалымдама.

 

Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, жарыя чыккандан баштап 10 (он) календардык күн ичинде  Кызыл-Суу айылы Манас №194 дарек боюнча тапшыруу керек:

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.