Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы  №43 “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарынын башкы топторуна конкурс жарыялайт:

Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:
Жалпы мыйзамдар:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
4.Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
5.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8.“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9.“Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10.“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
11.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому.

2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес;
Билгичтиги жана көнүмдөрү:
билгичтиги:
-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
-түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
-коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
-өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
көндүмдөрү:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү;
Мыйзамдарда каралган учурда кытматчынын кызматтык милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулукка ээ болуусу.

Атмосфералык абаны коргоо багыты боюнча:
1)кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку кесиптик: экология жана жаратылышты пайдалануу, метеорология, айлана-чөйрөнү коргоо, юридикалык.
Предметтик мыйзамдар:
1)“Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
2)“Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3)“Озон катмарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4)«Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5)«Кыргыз Республикасында атмосфералык абаны коргоо боюнча жобону жана чаң-газ тазалоочу орнотмолорду пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;
6)Кыргыз Республикасынын «Экологиялык экспертиза жөнүндө» мыйзамы.

Калдыктарды жана саркынды сууларды туруктуу башкаруу багыты боюнча:
1)Кесиптик билимдин деңгээли:
-Экология, Биоэкология, География, Биология, Гидрогиология, Юриспруденция жаатындагы жогорку билим.
Предметтик мыйзамдар:
1)“Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
2)“Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3)“Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4)“Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5)Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
6)Кыргыз Республикасынын Суу кодекси;
7)“Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежеси”;
9)“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10)Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө” Жобосу.

Экологиялык жана климаттык саясат багыты боюнча:
1)кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим: экологиялык, жаратылышты коргоо, техникалык, эл аралык мамиле жаатында жогорку билим.
Предметтик мыйзамдар:
1.Кыргыз Республикасынын “Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө” Мыйзамы.
2.“Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3.“Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 токтому менен бекитилген Жобосу;

Адам ресурстарын башкаруу багыты боюнча:
1)кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим: мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, персоналды башкаруу, менеджмент, экономика, гуманитардык илимдер, юриспруденция, саясат таануу, социалдык иш, эл аралык мамилелер, экология жана жаратылышты пайдалануу, ошондой эле башка тиешелүү багыттар боюнча.
Предметтик мыйзамдар:
1)“Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;
2)“Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтому;
3)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартиби” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;
4)Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси;
5)Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 345 “Эмгек китепчесинин формасын, эмгек китепчесине кошумча барактын формасын жана эмгек китепчелерин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” буйругу.

Каржы-экономикалык багыты боюнча:
1)Кесиптик билимдин деңгээли:
-финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп жана аудит, экономика жана башкаруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билим.
Предметтик мыйзамдар:
2)Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
3)Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
4)Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси;
5)Кыргыз Республикасынын “Республикалык бюджети жөнүндө” (тийиштүү жылга) Мыйзамы;
6)“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7)“Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8)“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

Конкурска катышууну каалаган талапкерлер “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg/ жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө беришет:
Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтердин (сканерленген документтер) тиркелет.
-Жеке арызы;
-кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;
-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
-өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
-акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
-акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
-паспорттун көчүрмөсү.

Ачык конкурска катышууга коюлган талаптарга жооп берген документтери бар талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү зарыл. Документтердин түп нускалары талапкер тарабынан “e-Kyzmat” мамлекеттик порталы аркылуу өтүнмө берүү учурунда тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү менен салыштыруу үчүн аңгемелешүү этабында көрсөтүлөт.
Конкурска катышуу үчүн документтер Бишкек ш., Эркиндик бульвары 2 дареги боюнча 2026-жылдын 16-мартынан баштап 26-марты саат 18.00го чейин кабыл алынат. Маалымат үчүн телефондор:+996500208255.