2022-2023 окуу жылына JDS Долбоорунун алкагында кадрларды даярдоо программасы боюнча кандидаттарды окууга кабыл алуу башталды. Аталган программа Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылары үчүн Жапониянын университеттеринде магистр даражасын алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Квалификациялык талаптар:

  • Жарандыгы: Кыргыз Республикасы;
  • Жашы: 2022-жылдын 1-апрелине карата жашы 40тан ашпаган(туулган датасы   04.1981 же кийин);
  • Кесиби: Саясий мамлекеттик/муниципалдык, атайын жана патронаттык кызмат орундарын(консультанттарды, кенешчилерди,жардамчыларды) ээлегендерди кошпогондо, мамлекеттик мекемелерде туруктуу штаттык кызматкер статусунда иштеген Кыргыз Республикасынын баардык мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлери;
  • Мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы иш стажы: 2022-жылдын 1-апрелине карата туруктуу 2 жылдан кем эмес болушу;
  • Билими: Жогорку(Бакалавр даражасы же адистик боюнча диплом);
  • Англис тилин билүү: Магистратурада окуу үчүн керектүү денгээлде;

   

       Программага катышуу үчүн:

  • Арызды толтуруу жана баардык керек болгон документтерди даярдоо;
  • Арыз, баардык керектүү документтер менен кошо 2021-жылдын 12-ноябры, саат 16-30дан кечиктирилбей JDS Долбоорунун Бишкек шаарындагы офисине жеке же курьер аркылуу тапшырылышы керек;
  • Көрсөтүлгөн убакыттан кеч жана толук эмес толтурулган арыздар каралбайт;

 

Арыз берүү үчүн документтерди (Арыздын формасы, арыз толтуруу боюнча колдонмо жана башка формалар) JDS Долбоорунун офисинен, КРнын Мамлекеттик кадр кызматынан, КРнын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринин кадрлар бөлүмдөрүнөн, же http://jds-scholarship.org/ сайтынан алсаныз болот.

 

http://jds-scholarship.org/country/kyrgyz/index.html

Кошумча маалымат үчүн JDS JICE Долбоорунун офисине кайрылсаныз болот:

Дарек: Кыргыз Республикасы, Бишкек щ, Эркиндик пр 64Б, 1- этаж, “ololohausErkindik”,

офис № 25

Тел: +996-550-026-333/ +996-555-818-618

Жумуш убактысы: дүйшөмбү-жума (9:00  —  17:30)

Тыныгуу: (12:30-14:00)