Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү

        Мамлекеттик кадр кызматында 2021-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү. Отурум Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы алдында өттү.
         Отурумдун күн тартибин эки маселе түздү. Алар:
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин статс-катчысынын бош кызмат орунун ээлөөгө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервинде турган талапкерлер менен аңгемелешүү (13 талапкер);
— Кыргыз Республикасынын экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин статс-катчысынын бош кызмат орунун ээлөөгө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервинде турган талапкерлер менен аңгемелешүү (17 талапкер).
         Кеңеш тарабынан дайындоого сунуш кылынган талапкерлер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтүлөт.
         Андан тышкары, отурумдун жүрүшүндө Кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу иштериндеги бир катар маселелерин талкуулашты.

          КР Мамлекеттик кадр кызматынын басма-сөз кызматы