Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2-Аймактар аралык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы № 226 “Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, райондук маанидеги шаардын мэри, анын орун басары жана айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордун ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн коңкурс жарыялайт (Баткен облусу үчүн)

Документтер электрондук форматта 2026-жылдын 28-майынан 1-июнуна (кошо алганда) чейин саат 9:00 дөн 18:00гө чейин кабыл алынат.

Конкурс үч этапта өткөрүлөт:
− Биринчи этап –квалификациялык талаптарга иш стажы, билими жана иш профили боюнча ылайык келүүсүн аныктоо үчүн талапкерлердин документтерин кароо.
− Экинчи этап – компьютердик тестирлөө (тестирлөө үчүн ЧУА
тизмеси).
− Үчүнчү этап – конкурстук комиссиянын мүчөлөрү менен аңгемелешүү.
Райондук маанидеги шаардын мэри, айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна квалификациялык талаптар:
– жогорку билим;
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат ордундарында 3 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар.

Райондук маанидеги шаардын мэринин орун басары кызмат ордуна квалификациялык талаптар:

– жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же             тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес;

Конкурска катышууну каалаган адамдар тийиштүү мамлекеттик порталдагы (Kyzmat.gov.kg) жеке кабинети аркылуу электрондук форматтагы өтүнмөнү берет. Конкурсант оферта келишиминде анын электрондук форматтагы жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун берет.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген) берилет:
– жогорку билиминин бар экендигин ырастаган документтер;
– эмгек китепчеси;
– окумуштуулук даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө
документтер (болсо);
– туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
– мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билүү сертификаты;
– мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме форма боюнча.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2-Аймактар аралык башкармалыгы.

– Дареги: Баткен ш. Т.Садыков көчөсү 1, (КР Президентинин облустагы
ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, 1- кабат).
Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел.:(03622) 5-02-93.