Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик
Дареги: Бишкек шаары, Чүй пр. 122, тел.: 62-04-05, Факс 62-03-10, Ишеним телефону: 66-03-39, WhatsApp 0990774430. Email: gagsmsu@gmail.com
Документтер 2026-жылдын 28-сентябрынан 2-октябрына (кошо алганда) чейин кабыл алынат.
Конкурстук тандоо үч этапта жүргүзүлөт:
Төмөнкү ченемдик укуктук актыларды билүү боюнча тестирлөө өткөрүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси.
Тестирлөөгө төмөнкү талаптарга жооп берген талапкерлер катыша алышат:
– мамлекеттик органдар үчүн жогорку билими болууга тийиш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн жогорку же орто кесиптик билими болууга тийиш;
– иш стажына талаптар коюлбайт.
Эгерде талапкер тестирлөө этабында 50 % балл алса, анда ал сынактын кийинки этабына киргизилет.
Сынактан тышкары жеке арызынын негизинде кадрлар резервине төмөнкү бүтүрүүчүлөр киргизилет:
– «Акылман» президенттик лицейи;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары;
– Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларынын артыкчылык диплому менен аяктагандар.
– майыптыгы бар, квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары.
Сынакка катышууну каалаган талапкерлер арызды электрондук форматта «е-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы (https://kyzmat.gov.kg) жеке кабинети аркылуу тапшыра алышат, арызга электрондук форматтагы (сканерленген) документтер тиркелет:
– негизги жана кошумча (эгерде бар болсо) билими жөнүндөгү документтердин скандалган көчүрмөлөрү. Чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын дипломдору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте которулуп жана апостиль коюлушу керек.
– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болгон учурда).
Талапкер берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
Талапкер конкурс өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде өзүнүн электрондук почтасынын дарегине, ошондой эле «e-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында карап турууга милдеттүү.
Резервде туруу мөөнөтү 3 жылды түзөт.
Конкурс жөнүндө маалымат менен Агенттиктин веб-сайтында https://mkk.gov.kg/ таанышууга болот.
Суроолор болсо, төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар: 0 312 62 04 12, 66 01 49, 62 19 43,
62 02 86, 66 03 37