Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик административдик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.
Кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар
Административдик кызмат орундарыны башкы тобу үчүн:
— жогорку билим: “Курулуш” профили боюнча: “Өнөр жай жана жарандык курулуш”, “Айыл чарба курулушу”, “Гидротехникалык курулуш” “Архитектура” профили боюнча: “Архитектура” адиси.
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стаж
Жалпы мыйзамдарды билүүсү:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;
3)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
4)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
5)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
6)“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”;
7)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”;
8)Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө Конституциалык Мыйзамы 2021-жылдын 11-октябры № 122;
9)Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2006-жылдын 28-декабры № 213;
10) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси 2004-жылдын 4-августу № 106.
Предметтик мыйзамдарды билүүсү:
1)Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодекси;
2)Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
3)“Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө”;
4)“Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө”;
5)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.02.2009-ж. № 95 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосу”;
6)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.08.2021-ж. № 114 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобосу”.
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
— жогорку билим: “Курулуш” профили боюнча: “Өнөр жай жана жарандык курулуш”, “Айыл чарба курулушу”, “Гидротехникалык курулуш” “Архитектура” профили боюнча: “Архитектура” адиси.
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стаж
Жалпы мыйзамдарды билүүсү:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;
3)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
4)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
5)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
6)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз
Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.Предметтик мыйзамдарды билүүсү:
Предметтик мыйзамдарды билүүсү:
1)Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодекси;
2)Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
3)“Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө”;
4)“Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө”;
5)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.02.2009-ж. № 95 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосу”;
6)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.08.2021-ж. № 114 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобосу”.
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
— жогорку билим: “Курулуш” профили боюнча: “Өнөр жай жана жарандык курулуш”, “Айыл чарба курулушу”, “Гидротехникалык курулуш” “Архитектура” профили боюнча: “Архитектура” адиси.
— иш стажына талаптар коюлбайт.
Жалпы мыйзамдарды билүүсү:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
3)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
Предметтик мыйзамдарды билүүсү:
1)“Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө”;
2)“Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө”;
3)Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
4)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.02.2009-ж. № 95 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосу”;
5)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.08.2021-ж. № 114 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобосу”.
Бардык топторго тиешелүү көндүмдөр:
-натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-бузууларды өз убагында четтетүү боюнча талаптар;
-укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароо;
-объекттерди өз алдынча курууну жана эксплуатациялоону токтотуу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте чараларды көрүү;
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
-компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программарды колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арыз;
— сүрөтү менен резюме (уюлдук номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариалдык күбөлөндүрүлгөн диплом жана кошумча билимин тастыктаган дипломунун (бар болсо) көчүрмөлөрү;
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу убактысы:
2024-жылдын 23-январынан баштап 2024-жылдын 2-февралынын саат 9:00-18:00 чейин.
Документтерди кабыл алуу орду:
Бишкек шаары, Манас проспектиси, 28, 5-кабат, 505а кабинети.
Байланыш номери: 0559 408 407