Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арыз;
— сүрөтү менен резюме (уюлдук номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариалдык күбөлөндүрүлгөн диплом жана кошумча билимин тастыктаган дипломунун (бар болсо) көчүрмөлөрү;
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу убактысы:
2023-жылдын 28-ноябрынан баштап 2023-жылдын 8-декабрына саат 9:00-18:00 чейин.
Документтерди кабыл алуу орду:
Бишкек шаары, Манас проспектиси, 28, 4-кабат, 403 кабинети. Байланыш номери 0559 408 407
Кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар
Административдик кызмат орундарыны башкы тобу үчүн:
— жогорку билим: “Курулуш” профили боюнча: “Өнөр жай жана жарандык курулуш”, “Айыл чарба курулушу”, “Гидротехникалык курулуш” “Архитектура” профили боюнча: “Архитектура” адиси.
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стаж
Жалпы мыйзамдарды билүүсү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;
2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
3) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
4) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
5) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
Предметтик мыйзамдарды билүүсү:
1) Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодекси;
2) Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
3) “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө”;
4).“Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө”;
5) “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө”;
6).“Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”;
7) “Имараттар менен курулмалардын коопсуздугу” техникалык регламенти;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.02.2009-ж. № 95 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосу”;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.08.2021-ж. № 114 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобосу”;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 20.05.2022-ж. №260 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба
мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жөнүндө жобосу”.
Административдик кызмат орундарыны улук тобу үчүн:
— жогорку билим: “Курулуш” профили боюнча: “Өнөр жай жана жарандык курулуш”, “Айыл чарба курулушу”, “Гидротехникалык курулуш” “Архитектура” профили боюнча: “Архитектура” адиси.
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стаж
Жалпы мыйзамдарды билүүсү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;
3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
Предметтик мыйзамдарды билүүсү:
1) Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодекси;
2) Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
3) “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө”;
4).“Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө”;
5) “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө”;
6).“Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”;
7) “Имараттар менен курулмалардын коопсуздугу” техникалык регламенти;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.02.2009-ж. № 95 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк
объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосу”;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.08.2021-ж. № 114 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобосу”;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 20.05.2022-ж. №260 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба
мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жөнүндө жобосу”;
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
— жогорку билим: “Курулуш” профили боюнча: “Өнөр жай жана жарандык курулуш”, “Айыл чарба курулушу”, “Гидротехникалык курулуш” “Архитектура” профили боюнча: “Архитектура” адиси.
— иш стажына талаптар коюлбайт.
Жалпы мыйзамдарды билүүсү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
Предметтик мыйзамдарды билүүсү:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
1) “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө”;
2).“Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө”;
3) “Имараттар менен курулмалардын коопсуздугу” техникалык регламенти;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.02.2009-ж. № 95 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк
объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосу”;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.08.2021-ж. № 114 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн
тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобосу”;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 20.05.2022-ж. №260 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба
мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жөнүндө жобосу”;
Төмөнкүлөрдү билүү:
Бардык топторго тиешелүү билгичтиктер:
Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын ченемдерин
сактоого мамлекеттик контролду жүргүзүү, атап айтканда:
— республикалык маанидеги объекттердин курулушуна мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүн жүргүзүү;
— техникалык жана архитектуралык-курулуш документтери менен иштөө;
— ченемдик укуктук жана техникалык актылардын талаптарын сактоону камсыз кылуу;
— милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилени талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
— башкаруучулук чечимдерди тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу.
Бардык топторго тиешелүү көндүмдөр:
— натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— бузууларды өз убагында четтетүү боюнча талаптар;
— укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароо;
— объекттерди өз алдынча курууну жана эксплуатациялоону токтотуу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте чараларды көрүү;
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
— компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программарды колдоно билүү.