Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар:

Улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар

 

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
    2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
    4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
    5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
    6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Кенже административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдарды:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн


  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
    • Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, «TOKTOM Mamleket Pro» маалыматтык-укуктук системасы).

 

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:


  1. Кесиптик билим денгээли:

— педагогикалык багыттагы жогорку;

 

  1. Иш тажрыйбасы жана стажы:
    — жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөндөгүлөрдү  билүү:

КРнын Билим берүү жөнүндө, Мугалимдрдин статусу жөнүндө, Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү орто мектептериндеги окуучулардын тамактанусун уюштуруу жөнүндөгү Мыйзамын,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №72 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому.

 

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

 

  1. Кесиптик билим денгээли:

— педагогикалык багыттагы жогорку;


  1. Иш тажрыйбасы жана стажы:
    – иш стажына талаптар коюлбайт.

 

3.Кесиптик компетентүүлүгү:

Төмөндөгүлөрдү  билүү:

КРнын Билим берүү жөнүндө, Мугалимдердин статусу жөнүндө, мектепке чейинки билим берүү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү орто мектептериндеги окуучулардын тамактанусун уюштуруу жөнүндөгү Мыйзамын.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди делого тиркеп тапшыруу керек (делонун сыртына толук аты-жөнү, байланыш номерлери, электрондук почта дареги көрсөтүлсүн):

 

-Жеке арыз;

-паспорттун көчүрмөсү;

-резюме (сүрөтү, электрондук почтаны көрсөтүү менен);
— өмүр баяны

— нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

— соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматы.

Сынака катышуу үчүн документтердин топтомун Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси А.Ашыралиевага тапшыруу зарыл.

Дареги:  Нарын шаары Ленин көчөсү №44 (Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн имараты, 2-кабинет) Документтерди тапшыруу мөөнөтү: жарыя чыккан кундон тартып 10 кундун аралыгында

 

Сурап-билүү телефону: (03522) 5-18-23, 0700986183

 

Эскертүү: белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.