Административдик кызмат орундарынын   улук   тобуна кадрлардын резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурс жарыялайт.

 

ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ  КОЮЛГАН  КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК  ТАЛАПТАР:

I. Улук топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына (У-А), (У-Б) төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:1.    кесиптик билимдин деңгээли:—       тиешелүү багыттагы жогорку билим;2.    иш стажы жана тажрыйбасы:—    мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;3.    кесиптик компетенттүүлүгү:—       төмөнкүлөрдү билүү:               Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;               -Кыргыз Республикасынын Конституциясы;                                                                                                     -«Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;                                                                                                             -Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;                                                                             — Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;                                                                                                                                                            — Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;    -Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;                                                                                                                                           -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы                  №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама, ошондой эле тийиштуу тармактагы предметтик закондор,                                                                                                                          -кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР ТАПШЫРЫЛАТ:

  • Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына мамлекеттик кызматтын тобун көрсөтүү менен жазылган жеке арыз;
  • Резюме (электрондук почтаны жана телефон номерин көрсөтүү менен);
  • Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөсү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
  • Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).

Документтер жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат.  

Дареги: Жалал-Абад шаары,

Эркиндик көчөсү, 11

3-кабат, 302-кабинет,

тел. (03722) 2-16-40