Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик башкы жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.
Квалификациялык талаптар:
1) Башкы кызмат орундары үчүн:
-гуманитардык илимдер багытындагы филология жана лингвистика боюнча жогорку билим.
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3) Кенже кызмат орундары үчүн:
-гуманитардык илимдер багытындагы филология, лингвистика, экономика, башкаруу багынтындагы экономикалык илими боюнча жогорку кесиптик билим иш стажына талап коюлбайт.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Башкы кызмат орундары үчүн:
Билүүгө тийиш:
Негизги:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2)“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамын;
3)Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексин;
4)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
5)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
6)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
7)“Кызыкчылардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
8)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өзүн башкаруу мекемелериндеги маалыматтардын жеткиликтүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
9) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын.
Предметтик:
1) «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамын;
2) Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) Кыргыз тилинин жазуу эрежелери.
Билгичтиги:
-теориялык идеяларды, укуктук билимдерди, укуктук тажрыйбаны жайылтуу чөйрөсүндө иш-чараларды өткөрүү;
-чыгып сүйлөөлөрдү, макалаларды, презентацияларды даярдоо;
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
-маалыматты талдоо, системалоо жана жалпылоо;
-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде (чет тилдерин билсе артыкчылык берилет) ишкердик кат алышуу.
-Текст, графика жана таблица түрүндөгү редакторлор менен иштөө.
Кенже кызмат орундары үчүн:
Билүүгө тийиш:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
3)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын;
Предметтик:
4)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамын;
5)“Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)Кыргыз тилинин жазуу эрежелери.
Экономика багыты боюнча:
-“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Бюджет кодекси.
Билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны
-практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик же/жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
-командада иштөө.
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
-продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер (атайын папкада тиркелген):
-Өздүк арызы;
-Таржымал (резюме) сүрөтү жана электрондук дареги, телефон номерин көрсөтүү менен;
-Кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы (сүрөтү менен);
-Өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
-Негизги жана кошумча билими жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү (нотариус же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн);
-Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн);
-Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
-Сунуштама кат (мүмкүнчүлүк болсо артыкчылык берилет);
-Паспорттун көчүрмөсү.
Документтер 2023-жылдын 24-октябрынан 4-ноябрына чейин кабыл алынат. Иш убактысы саат 9.00дөн 18.00гө чейин.
Дареги: Бишкек ш., Ч. Айтматов проспектиси 1, 4-кабат, № 418-кабинет.
Байланыш телефондор: 0708 84 05 88;
Конкурс www.mamtil.kg , www.mkk.gov.kg сайттарында жарыяланат.