Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги министрликтин кадрлар резервине киргизүү үчүн төмөнкү квалификациялык талаптарга ылайык ачык тандоо конкурсун жарыялайт:
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар:
Административдик мамлекеттик башкы кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
Административдик мамлекеттик улук кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
Кесиптик компетенциялары:
Билими:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
4)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7)“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Жөндөмдөрү:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилени талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
— башкаруу чечимдерин тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик алуу;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— көйгөйлөрдү чечүүдө инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;
Көндүмдөр:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (кызматчылардын ортосунда буйруктарды жана тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү;
— мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын алардын кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү;
— башкаруу чечимдерин оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, жаңы формаларды издөө;
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана синтездөө;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү;
— жолугушууларды жана отурумдарды өткөрүү;
— эл алдында чыгып эркин сүйлөө ;
— мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
— компьютердик жана оргтехникага керектүү программалык продуктыларга ээ болуу.
Административдик мамлекеттик башкы кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли:
— «саламаттык сактоо» – багытындагы санитария-гигиена, дарылоо-профилактикалык жардам тармагындагы жогорку билими.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялары:
Билими:
1)“Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
2)“Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4)Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5)“Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти.
— өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү;
— компьютердик жана уюштуруу техникаларында, керектүү программалык продуктылары менен иштөөнү билүүгө тийиш.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди алып келүү керек:
– жеке арыз;
– резюме (электрондук дареги көрсөтүлүүгө тийиш), өмүр баяны (соттуулугу жок экендиги тууралуу маалымат көрсөтүлүүгө тийиш);
— негизги, кошумча (эгерде, бар болсо) билимин тастыктоочу документтеринин нотариалдык же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
— эмгек китепчесинин (эгерде, иш стажы бар болсо) нотариалдык же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
— окумуштуулук даражасы же окумуштуулук наамы тууралуу документтеринин көчүрмөсү (эгерде, бар болсо);
— аскер билетинин көчүрмөсү;
— паспортунун көчүрмөсү.
— Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.
Бардык документтер көктөмөгө тигилип, министрликтин new.med.кg сайтында жарыяланган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде (2023-жылдын 25-декабрынан тартып 2024-жылдын 11-январына чейин) Бишкек ш., Московская көчөсү 148 дарегиндеги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу, иш кагаздарын жүгүртүү жана укуктук колдоо башкармалыгына №3 кабинетке (саат 9.00дөн 18.00гө чейин) берилүүгө тийиш. Маалымат алуу үчүн телефон: +996 312 660548.
Жарыя Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин new.med.кg сайтына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин www.mkk.gov.kg сайтына жайгаштырылды.
Эскертүү: Коюлган талаптарга туура келген конкурсанттар конкурска катышууга чакырылат. Байланыш телефондорун жана электрондук почталарын көрсөтүүлөрү зарыл.