Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти мамлекеттик жарандык кызматынын кенже, улук жана башкы административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар:
Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
6. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7. «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:
* Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
* Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктуларды билүү (Word, Excel, «ТОКТОМ МамлекетПро» маалыматтык-укуктук системасы).
Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн билгичтиктер:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө мамилелерди талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
— таламдардын кагылышуусуна алып келген проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;
Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн көндүмдөр:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (карамагындагы кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнүн карамагындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө);
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу.
Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн билгичтиктер:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— ишкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.
Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн билгичтиктер:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө;
Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.
Калкты каттоо чөйрөсүндө
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын башкы, улук, кенже тобу үчүн кесиптик билим деңгээли:
Кесиптик билим деңгээли:
— “Гуманитардык илимдер” жаатында юриспруденция, эл аралык мамилелер, филология, тарых багыты боюнча; “Экономика жана башкаруу” жаатында экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, бухгалтердик эсеп жана аудит, каржы жана кредит, менеджмент багыты боюнча; “Маалымат коопсуздугу” жаатында, “Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар” жаатында информатика жана эсептөө техникасы, информациялык система жана технологиялар багыттары боюнча жогорку билим.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын башкы, улук тобу төмөнкүлөрдү билүүлөрү зарыл:
— Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө”, “Ички жер которуу жөнүндө”.
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык абалынын актыларын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө нускама;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы — паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартиби;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 токтому менен бекитилген Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 172 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чек ара режиминин жана чек аралык тилке режиминин эрежелери.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже тобу төмөнкүлөрдү билүүлөрү зарыл:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык абалынын актыларын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө нускама;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы — паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартиби;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 токтому менен бекитилген Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобо.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл: (жазгы байлоочу папка):
— жеке арызы, кадрларды эсепке алуу боюнча баракчасы, сүрөтү, резюмеси, өмүрбаяны (соттолгону же соттолбогодугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
— паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы конкурска документтерди тапшырууда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
— зарыл болгон кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариалдык же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулатуу, илимий даража жана илимий наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү)
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.
Конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 15-ноябрынан тартып 30-ноябрын кошуу менен саат 18:00го чейин Департаменттин кадр иштери бөлүмү тарабынан төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Бишкек ш., Жибек-Жолу көч., 381, 504-иш бөлмө, телефон: 38-00-22.