Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын мамлекеттик жарандык кызматынын башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын административдик мамлекеттик жарандык кызматтарына квалификациялык талаптар
Административдик кызматтардын башкы топтору үчүн:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
5)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7)“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз РеспубликасынынМыйзамы;
9)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”.
Административдик кызматтардын улук топтору үчүн:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5)“Кыргыз Республикасынын ченемдик -укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”.
Административдик кызматтардын кенже топтору үчүн:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
Кызмат милдеттерин аткарууга зарыл деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Компьютердик сабаттулук жана керектүү программалар менен иштөө (Word, Excel, “ТОКТОМ Мамлекет Про” маалымат-укуктук системасы):
Административдик кызматтардын башкы топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли: — жогорку билим: “айыл чарба жана айыл чарба илимдери” тармагынын бардык багыттарында; “экономика жана башкаруу” тармагынын экономика, финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент, маркетинг боюнча багыттар; “гуманитардык илимдер” тармагында юриспруденция багыты; “технология жана азык-түлүк продукттарын өндүрүү”, “консервалардын жана тамак-аш концентраттарынын технологиясы, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы” тармагынын бардык багыттары; “геодезия жана жерге жайгаштыруу” тармагы боюнча жерге жайгаштыруу жана жер кадастры багыты; “табигый илимдер” тармагындагы картография жана геоинформатика, жер кыртышынын билими, жаратылышты колдонуу жана экология, биоэкология багыты боюнча, макроэкономикалык пландаштыруу жана болжолдоо багыты; «суу ресурстары жана сууну пайдалануу» тармагынын бардык багыттары боюнча.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы иш стажы, же тиешелүү адистик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Кыргыз Республикасынын Суу Кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;
— «Кыргыз Республикасында айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— «Суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Мал чарабасындагы асылдандыруу иши жөнүңдө” Мыйзамы;
— “Кооперативдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Үрөн жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтому;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлерин мамлекеттик ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобосу;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 145 “Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө” токтому;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы № 697 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын үрөн чарбалары жөнүндө” жобо;
— Мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдалануу жана расмий тилди билүү;
— Компьютердик сабаттулук жана керектүү программалар менен иштөө (Word, Excel, “ТОКТОМ Мамлекет Про” маалымат-укуктук системасы).
Административдик кызматтардын улук топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли: — жогорку билим: “айыл чарба жана айыл чарба илимдери” тармагынын бардык багыттарында; “экономика жана башкаруу” тармагынын экономика, финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент, маркетинг боюнча багыттар; “гуманитардык илимдер” тармагында юриспруденция багыты; “технология жана азык-түлүк продукттарын өндүрүү”, “консервалардын жана тамак-аш концентраттарынын технологиясы, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы” тармагынын бардык багыттары; “геодезия жана жерге жайгаштыруу” тармагы боюнча жерге жайгаштыруу жана жер кадастры багыты; “табигый илимдер” тармагындагы картография жана геоинформатика, жер кыртышынын билими, жаратылышты колдонуу жана экология, биоэкология багыты боюнча, макроэкономикалык пландаштыруу жана болжолдоо багыты; «суу ресурстары жана сууну пайдалануу» тармагынын бардык багыттары боюнча.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы иш стажы, же тиешелүү адистик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Кыргыз Республикасынын Суу Кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;
— «Кыргыз Республикасында айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— «Суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Мал чарабасындагы асылдандыруу иши жөнүңдө” Мыйзамы;
— “Кооперативдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Үрөн жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдалануу жана расмий тилди билүү;
— Компьютердик сабаттулук жана керектүү программалар менен иштөө (Word, Excel, “ТОКТОМ Мамлекет Про” маалымат-укуктук системасы).
Административдик кызматтардын кенже топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли: — жогорку билим: “айыл чарба жана айыл чарба илимдери” тармагынын бардык багыттарында; “экономика жана башкаруу” тармагынын экономика, финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент, маркетинг боюнча багыттар; “гуманитардык илимдер” тармагында юриспруденция багыты; “технология жана азык-түлүк продукттарын өндүрүү”, “консервалардын жана тамак-аш концентраттарынын технологиясы, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы” тармагынын бардык багыттары; “геодезия жана жерге жайгаштыруу” тармагы боюнча жерге жайгаштыруу жана жер кадастры багыты; “табигый илимдер” тармагындагы картография жана геоинформатика, жер кыртышынын билими, жаратылышты колдонуу жана экология, биоэкология багыты боюнча, макроэкономикалык пландаштыруу жана болжолдоо багыты; «суу ресурстары жана сууну пайдалануу» тармагынын бардык багыттары боюнча.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— Иш стажысы талап кылынбайт.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Кыргыз Республикасынын Суу Кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;
— «Кыргыз Республикасында айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдалануу жана расмий тилди билүү;
— Компьютердик сабаттулук жана керектүү программалар менен иштөө (Word, Excel, “ТОКТОМ Мамлекет Про” маалымат-укуктук системасы).
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
— форма боюнча жеке арыз;
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
— форма боюнча сүрөтү менен резюме;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепченин көчүрмөсү (эгерде эмгек стажы бар болсо);
— окумуштуулук даражасынын жана окумуштуулук наамынын ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Конкурска катышкан адамдар сунуштама каттарын кошумча тапшыра алышат.
Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2024-жылдын 24-апрелинен 10-майына саат 17.00гө чейин.
Конкурска катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Киев көчөсү, 96а, 314-каб. (Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү),
Байланыш телефону: 62 37 09
ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.