Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти административдик кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт
Административдик мамлекеттик кызматтарга жалпы квалификациялык талаптар:
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
Билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама, 3-март 2020 жыл № 120;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:
Билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама, 3-март 2020 жыл № 120;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерин билүү.
Билгичтиги:
— Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишмердүүлүктүн артыкчылыктарын аныктоо, иш-чаралардын пландарын түзүү;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— — жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана инсандар аралык баарлашуунун заманбап ыкмаларын колдонуу;
— тексттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
— маалыматты жыйноо, талдоо,системалаштыруу жана жалпылоо;
— электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү;
— презентацияларды уюштуруу;
— маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;
— кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү.
1) Регионалдык административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Мал чарба жана жайыт (Жалал-Абад)
1. Кесиптик билим деңгээли:
— жогорку билими: агрономия, геодезия, экономикалык, зоотехникалык, жерге жайгаштыруу, ветеринардык.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
Билүү:
— Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;
— «Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асыл тукум иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө » Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому,19-июнь 2009-жыл
№ 386;
— Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө» токтому,13-сентябрь 2013-жыл № 515;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
2) Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Геомаалыматтык тутум
1. Кесиптик билим деңгээли:
— жогорку билим: жерге жайгаштыруу,агрономия, картография.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
Билүү:
— Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;
— Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө» токтому,13-сентябрь 2013-жыл № 515;
— «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө » Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому, 19-июнь 2009-жыл № 386;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
3) Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Мал чарба
1. Кесиптик билим деңгээли:
— жогорку билими: зоотехникалык, ветеринардык.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетентттүүлүгү:
Билүү:
— «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асыл тукум иши жөнүндө» Мыйзамы;
— «Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынуучу азыктарды идентификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-июну 2013-жыл, № 91;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө» токтому 22-июнь 2015-жыл № 516;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
4) Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Кадр маселелери боюнча
1. Кесиптик билим деңгээли:
— жогорку билим: ар кандай профилдеги
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
Билүү:
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
— 2022- жылдын 2-февралындагы № 24 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №61 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ротациялоо тартиби жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы №308 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө” жобосу;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди (скорошивательде) тапшыруу керек:
— форма боюнча жеке арыз;
— автобиография ;
— соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат;
— форма боюнча резюмеси (сүрөтү менен);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Конкурска катышкан адамдар кошумча сунуштама каттарды берсе болот.
Документтер 2024-жылдын 19-апрелинен 2024-жылдын 8-майына чейин кабыл алынат.
Сынакка катышуу үчүн документтер Чүй проспекти, 315, 907-кабинет дареги боюнча кабыл алынат. (Укук,персоналдарды башкаруу жана маалыматтык технологиялар сектору), телефон аркылуу маалыматтар: 65 52 44.
Эскертүү: белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.