Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппараттын административдик кызмат орундарынын улук тобуна кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт:
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арыз;
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
— сүрөтү менен резюме (тел. номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
— автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
— окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү.
Конкурска катышкан адамдар сунуштама каттарын кошумча тапшыра алышат.
Конкурска катышуу үчүн документтер көктөлүп жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Адам ресурстары бөлүмүнө төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: Бишкек ш., н.Исанов көч., 42-кабинет, 305-кабинет.
Документтер 2023-жылдын 5-октябрынан тартып 14-октябрына чейин (13-октябрь — кабыл алуунун акыркы күнү) иш күндөрү саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин кабыл алынат. Кошумча маалымат (0312) 31 41 08 телефону жана КР ТКМ www.mtd.gov.kg жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин www.mkk.gov.kg расмий сайттарында.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга ачык конкурска катышууга жол берилбейт.
Квалификациялык талаптар:
Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү.
Жалпы мыйзамдарды билүү:
Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Багыттар боюнча предметтик мыйзамдарды билүү:
Автомобиль жолдору багыты боюнча улук кызмат орундарынын тобуна:
1. Кесиптик билим деңгээли:
— «гуманитардык илимдер» тармагында юриспруденция багыты боюнча жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Билгичтик:
— «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары:
«Автомобиль жолдору жөнүндө»;
«Жол фонду жөнүндө»;
«Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө»;
«Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө»;
«Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/Министрлер Кабинетинин токтомдору:
2017-жылдын 31-майындагы № 313 «Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө»;
2010-жылдын 8-декабрындагы № 319 «Кыргыз Республикасынын мыйзамдан келип чыгуучу актыларын укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, антикоррупциялык экспертизадан өткөрүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу»;
2017-жылдын 17-августундагы № 512 «Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартибин жана Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү тартибин бекитүү жөнүндө»;
2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө»;
2021-жылдын 1-июлундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө».
Жөндөмдүүлүгү:
— статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалымат өндүрүү;
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
— издөө системаларын колдонуу;
— ар кандай браузерлер менен иштөө;
— презентацияларды уюштуруу;
— маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын пайдаланууга;;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;
— кеңсе техникасы менен иштөө: көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү такта, факс.