КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИ
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппараттын административдик кызмат орундарынын кенже жана улук топторуна кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт:

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арыз;
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
— сүрөтү менен резюме (тел номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
— автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
— окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү.
Конкурска катышкан адамдар сунуштама каттарын кошумча тапшыра алышат.
Конкурска катышуу үчүн документтер көктөлүп жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Адам ресурстары бөлүмүнө төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: Бишкек ш., н.Исанов көч., 42-кабинет, 305-кабинет.
Документтер 2023-жылдын 4-мартынан тартып 19-мартына чейин (18-март — кабыл алуунун акыркы күнү) иш күндөрү саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин кабыл алынат. Кошумча маалымат (0312) 31 41 08 телефону жана КР ТКМ www.mtd.gov.kg жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин www.mkk.gov.kg расмий сайттарында.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга ачык конкурска катышууга жол берилбейт.
Квалификациялык талаптар:
Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү.
Жалпы мыйзамдарды билүү:
Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Багыттар боюнча предметтик мыйзамдарды билүү:
Автомобиль жолдору багыты боюнча улук кызмат орундарынын тобуна:
1. Кесиптик билим деңгээли:
— «Архитектура жана курулуш» тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: курулуш, шаар курулушу, гидротехникалык курулуш, архитектура; «Курулуш» тармагында: өнөр жай жана жарандык курулуш, шаардык курулуш жана чарба, имараттарды долбоорлоо, курулушту механизациялоо жана автоматташтыруу, курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүү; «Транспорттук курулуш» тармагында: темир жол курулушу, жол жана жол чарбасы, автомобиль жолдору жана аэродромдор, көпүрөлөр жана транспорттук тоннелдер, «гуманитардык илимдер» тармагында: юриспруденция.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялар:
3.1. төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын:
«Автомобиль жолдору жөнүндө»;
«Жол фонду жөнүндө»;
«Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/Министрлер Кабинетинин токтомдору:
2021-жылдын 6-августундагы № 114 «Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»;
2017-жылдын 24-августундагы № 538 «Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»;
2009-жылдын 19-сентябрындагы № 597 «Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын куруунун, жер пайдалануунун жана абатташтыруунун типтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө»;
2017-жылдын 17-августундагы № 512 «Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартибин жана Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү тартибин бекитүү жөнүндө»;
2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 «Жол тармагынын системасын өзгөртүү боюнча чаралар жөнүндө»;
2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө»;
2021-жылдын 1-июлундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө».
Экономика, талдоо жана стратегиялык пландаштыруу багыты боюнча кенже кызмат орундарынын тобуна:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— «Экономика жана башкаруу» тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: экономика, менеджмент, коммерция, соода иши, бизнести башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу; «Экономика» тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: экономикалык теория, финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит, дүйнөлүк экономика, улуттук экономика, экономика жана ишканада башкаруу; «Гуманитардык илимдер» тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: юриспруденция.
— «Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкаруу» сертификатынын болушу шарт.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. төмөнкүлөрдү билүү:
— Бюджеттик кодекси;
— «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2019-жылдын 31-декабрындагы «Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» буйругунун № 150 буйругу.
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2022-жылдын 17-майындагы № 85-Б буйругу менен бекитилген Электрондук мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн тартиби
— Конкурстук табыштамаларды баалоо боюнча методикалык Нускамасы;
Жол-транспорт коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүнүн кенже кызмат орундарынын тобуна (иштеген жери Бишкек ш, Жалал-Абад обл.)
1. Кесиптик билим деңгээли:
— «Транспорттук техника жана технология» тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: жер үстүндөгү транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер, транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо, транспорттук процесстердин технологиясы, темир жолдорунун кыймылдуу курамы; «Жерде жүрүүчү транспортту эксплуатациялоо» тармагында: автомобилдер жана автомобиль чарбасы, транспорттук жана технологиялык машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана тейлөө (тармактар боюнча); «Транспорттук курулуш» тармагында: темир жолдорду куруу, жол жана жол чарбасы, автомобиль жолдору жана аэродромдор; «Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу» тармагында: ташууларды уюштуруу жана транспортто башкаруу (түрлөрү боюнча), кыймылдын коопсуздугу жана уюштурулушу; «Гуманитардык илимдер» тармагында: юриспруденция.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— Иш стажы талап кылынбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.төмөнкүлөрдү билүү:
— «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
«Автомобиль транспорту жөнүндө»;
«Темир жол транспорту жөнүндө»;
«Автомобиль жолдору жөнүндө»;
«Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө»;
«Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө»;
«Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/ Министрлер Кабинетинин токтомдору:
2013-жылдын 3-майындагы № 239 «Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»;
1999-жылдын 11-майындагы № 249 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы суу транспорту боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери»;
2016-жылдын 11-апрелиндеги № 198 «Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»;
2016-жылдын 15-ноябрындагы № 587 «Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө»;
2012-жылдын 18-февралындагы № 108 «Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө»;
2018-жылдын 29-январындагы № 56 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»;
2021-жылдын 1-июлундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө».
— Бажы бирлигинин техникалык регламенттери:
«Автомобиль жолдордун коопсуздугу жөнүндө» (TР ТС 014/2011);
«Дөңгөлөктүү унаалардын коопсуздугу жөнүндө» (ТР ТС 018 / 2011);
«Кичинекей кемелердин коопсуздугу жөнүндө» (TР ТС 0026 / 2012);
«Айыл чарба жана токой чарбасынын тракторлорунун жана чиркегичтердин коопсуздугу жөнүндө» (ТР ТС 031/2012);
«Темир жолдун кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө» (TР ТС 001/2011);
«Темир жол транспортунун инфраструктурасынын коопсуздугу жөнүндө» (TР ТС 003/2011).
Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:
Жөндөмдүүлүгү:
— статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалымат өндүрүү;
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
— издөө системаларын колдонуу;
— ар кандай браузерлер менен иштөө;
— презентацияларды уюштуруу;
— маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын пайдаланууга;;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;
— кеңсе техникасы менен иштөө: көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү такта, факс.