Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги борбордук аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматынын административдик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже топторуна кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.
Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:
Кыргыз Республикасынын жараны болууга ;
2) 21 жаштан кем эмес;
3) кадрлардын резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүүгө.
1. Административдик кызмат орундарынын башкы тобуна:
Билими:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4.Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Мыйзамы;
5.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы;
6.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
7.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
8.Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
9.Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
10.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын
3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Электр энергетика мамлекеттик саясат башкармалыгы
1.1. Квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли:
— энергетика тармагы боюнча жогорку кесиптик билими.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенциялар:
Билими:
— “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Энергияны үнөмдөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө”, “Токтогул ГЭС каскадынын жана улуттук жогорку чыңалуудагы электр станцияларынын өзгөчө электр берүү линиясы статусу жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө”, “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө”; “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө”.
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы №570 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Регламенти.
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому.
1.2. Билгичтиги:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилени талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
— башкаруу чечимдерин тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— көйгөйлөрдү чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— чыр-чатакты чечүү;
1.3. Көндүмдөр :
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда буйруктарды жана тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын алардын кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, жаңы формаларды жана иш ыкмалары издөө);
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана чогултуу;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
— компьютердик жана оргтехникалык, керектүү программалык продуктылар менен иштөө.
2. Администрациялык кызмат орундарынын улук тобуна:
Билүү:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
4. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
6 . Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№ 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Укуктук камсыздоо бөлүмү
2.1. Квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли :
-Юриспруденция багыты боюнча жогорку кесиптик билими.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы, же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенциялар:
Билүү:
— “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Граждандык — процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Административдик — процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин этика кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Энергияны үнөмдөө жөнүндө”, “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө”, “Энергетика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы , “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Мунай жана газ жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө”;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы №570 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Регламенти;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №247 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому.
2.2. Билгичтиги:
-маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
-кесиптештер менен эффективдүү кызматташуу;
— ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— жаңы эмгек шарттарына көнүү;
2.3. Көндүмдөр :
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;
— компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу.
3. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
Билүү:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№ 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Финансы жана техникалык камсыздоо сектору
3.1.Квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли :
— Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: “Экономика”, “Финансы жана кредит”, “Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит”, “Телекоммуникация”, “Информатика жана компьютердик инженерия”, “Маалымат коопсуздугу”.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
-эч кандай иш тажрыйбасы талаптары жок.
Кесиптик компетенциялар:
Билими:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Маалыматташтыруу жөнүндө”, “Электрондук камсыздоо жөнүндө”, “Электрондук кол тамга жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16.01.2016-ж. №10 токтому менен бекитилген «Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда чектик суммаларды бекитүү жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 25.12.2018-жылдагы №137 буйругу менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча” жобосу.
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21.11.2017-ж. №760 токтому менен бекитилген “Жеке маалыматтардын коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуучу талаптарды бекитүү жөнүндө» жобосу.
3.2. Билгичтиги:
— жогорку жетекчилердин көрсөтмөлөрүн сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык ишмердикте колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишиңизди натыйжалуу пландаштыруу;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилде иштиктүү кат алышуу;
— командалык иш;
3.3. Көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана оргтехникалык, керектүү программалык продуктылар менен иштөө.
Сынакка катышуу үчүн “Конкурска” деген папкада төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
— өздүк арыз;
— кадрларды эсепке алуу баракчасы;
— автобиография;
— 3х4 размердеги 2 даана сүрөтү (кызыл фондо);
— резюме (электрондук почтасын жана соттолгондугу бар же жок деген маалыматтары менен);
— негизги жана кошумча кесиптик билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (нотариалдык жактан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн);
— иш стажы бар болсо, эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн) .
— илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо).
Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.
Сынакка катышуу үчүн документтер 2023-жылдын 1-ноябрынан
17-ноябрына чейин (кошо эсептелет) саат 09:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат.
Бишкек, ул. Жибек-Жолу 326 ( Орозбеков көчөсүнүн кесилиши ),
2-кабат, 217-кеңсе, тел.: 0312 670180.
Сынакка катышуу үчүн маалымат www.minenergo@mail.gov.kg сайтында кошумча жайгаштырылган.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар сынакка катышууга киргизилбейт.