Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент (мындан ары — Департамент) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын                      2-февралындагы ПЖ № 24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Департаменттин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын кенже тобуна конкурс жарыялайт:
Кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматтар үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
Билүүгө тийиш:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы.
Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Төмөнкү багыттар боюнча административдик мамлекеттик жарандык кызматтардын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар;
1) Лицензиялоо жана контролдоо багыты боюнча;
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
— төмөнкү багыттардагы жогорку кесиптик билими: экономика багыты боюнча «Экономика жана башкаруу»; юриспруденция багыты боюнча «Гуманитардык илимдер»; жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы, электр энергетикасы жана электр техникасы багыты боюнча «Энергетика жана электр энергетикасы»; электр станциялары, электр энергетика системасы жана тармагы, электр менен жабдуу (тармактар боюнча), энергиянын салттуу эмес жана кайра жаралуу булактары, релелик коргоо жана электр энергетикалык тутумду автоматташтыруу, гидроэлектроэнергетика багыты боюнча “Жылуулук энергетика”.
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
-иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик иш билгилиги:
3.1. Билүүгө тийиш:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө»; «Энергетика жөнүндө»; «Электр энергетикасы жөнүндө»; «Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө»; “Энергиянын кайра жаралуу булактары жөнүндө”; «Ишкердик субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»; “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”; “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун;
— Кыргыз Республикасынын Минисрлер Кабинетинин токтомдорун:
2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент жөнүндө жобо”; 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 “Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо”.
3.2. Жөндөмдүүлүгү:
— жогорку жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет элдик тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
— «Проверка.кg» маалыматтар базасы менен иштөө;
— «Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүнүн лицензияларынын реестри» маалыматтык тутумун эсепке алууну жүргүзүү;
— документалдык текшерүүлөрдү жүргүзүү;
— текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча актыларды түзүү жана алар боюнча чечимдердин долбоорлорун даярдоо;
— ОЭК субьекттерине лицензияларды берүү үчүн зарыл материалдарды (документтердин пакетин) даярдоо;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иш кагаздарын жазуу;
— командада иштөө.
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдоно билүү;
— ишти пландаштыруу жана кызмат убактыларын туура бөлүштүрүү;
— тексттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
— файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (кайрадан ат коюу, көчүрүү, жайгаштыруу, жок кылуу жана кайра калыбына келтирүү);
— сырткы перифериялык жабдууларды кошуу;
— дисктеги мейкиндиктин тазалоо (архивин түзүү);
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
— издөө тутумун пайдалануу;
— ар түрдүү браузерлер менен иштөө;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда так, сылык өз ара аракеттенүү;
— маалыматтардын ар түрдүүлүгүнүн жана маалыматтардын өзгөрүүлөрүнүн жогорку ылдамдыгынын шартында маалыматтардын базасы менен иштөө;
— файлдардын көлөмдөрүн кысуу жана көлөмдүү маалыматтарды жөнөтүү/кабыл алуу;
— бет ачарларды уюштуруу;
— эсептөөлөр менен байланышкан сандык маалыматтар менен иштөө;
— таблица, диаграмма жана график түрүндө маалыматтарды берүү;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базаларынын маалыматтык тутумдарын пайдалануу;
— тексти оңдоо жана редакциялоо;
— кеңселик техника менен иштөө (көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдик доска, факс).
2) Тарифти жана бааны жөнгө салуу багыты боюнча;
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
— төмөндөгү көрсөтүлгөн тармактардагы жогорку кесиптик билими: экономика багыты боюнча «Экономика жана башкаруу»; жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы, электр энергетикасы жана электр техникасы багыттары боюнча «Энергетика жана электр энергетикасы»; жылуулук электр станциялары, жылуулук электр станцияларындагы суунун жана отундун технологиясы, өнөр жайындагы жылуулук энергетикасы багытындагы «Жылуулук энергетикасы»; электр станциялары, электр энергетика системасы жана тармагы, электр менен жабдуу (тармактар боюнча), энергиянын салттуу эмес жана кайра жаралуу булактары, релелик коргоо жана электр энергетикалык тутумду автоматташтыруу, гидроэлектроэнергетика багыты боюнча “Электр энергетикасы”.
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик иш билгилиги:
3.1. Билүүгө тийиш:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө»; “Атаандаштык жөнүндө”, «Энергетика жөнүндө»; «Электр энергетикасы жөнүндө»; «Энергиянын кайра жаралуу булактары жөнүндө», “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 “Мамлекеттик жөнгө салуучу чарбакер субьекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун: 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент жөнүндө жобо”; 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө жана электр энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча нускама жөнүндө”, 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 193 “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө жана жылуулук энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча нускама жөнүндө”;
— Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2022-жылдын 12-сентябрындагы № 01-13/146 буйругун (Бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр тармактарынын шарттуу бирдиктерин эсептөөнүн методикасы, Электр тармактарынын шарттуу бирдиктерин эксплуатациялоого, техникалык тейлөөгө жана оңдоого сарптоолордун бирдиктүү салыштырмалуу суммасын эсептөөнүн методикасы).
3.2. Жөндөмдүүлүгү:
— жогорку жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет элдик тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иш кагаздарын жазуу;
— белгиленген жол-жоболорго жана нускамаларга ылайык бөлүмдүн иш кагаздарын жүргүзүү;
— командада иштөө.
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— тексттик, графиктик жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
— файлдарды жана папкаларды түзүү, алар менен иштөө (кайрадан ат коюу, көчүрүү, жайгаштыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү);
— сырткы перифериялык жабдууларды кошуу;
— дисктеги мейкиндикти тазалоо (архивин түзүү);
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
— издөө тутумдарын пайдалануу;
— ар түрдүү браузерлер менен иштөө;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда так, сылык өз ара аракеттенүү;
— маалыматтардын ар түрдүүлүгүнүн жана маалыматтардын өзгөрүүсүнүн жогорку ылдамдыктарынын шартында маалымат базалары менен иштөө;
— файлдардын көлөмдөрүн кысуу жана көлөмдүү маалыматтарды жөнөтүү/кабыл алуу;
— бет ачарларды уюштуруу;
— эсептөөлөргө байланышкан сандык маалыматтар менен иштөө;
— таблица, диаграмма жана график түрүндөгү маалыматтарды берүү;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базаларынын маалыматтык тутумдарын пайдалануу;
— веб-конференц-байланышты уюштуруунун тиркемелерин пайдалануу;
— текстти оңдоо жана редакциялоо;
— кеңселик техника менен иштөө (көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдик доска, факс);
— логиндерди жана паролдорду коюу;
— компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздуктун гигиенасын сактоо.
3) Мониторинг жана комплекстүү талдоо багыты боюнча;
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
— төмөндөгү тармактардагы жогорку кесиптик билими: экономика багыты боюнча «Экономика жана башкаруу»; жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы, электр энергетикасы жана электр техникасы багыттары боюнча «Энергетика жана электр энергетикасы»; жылуулук электр станциялары, жылуулук электр станцияларындагы суунун жана отундун технологиясы, өнөр жайындагы жылуулук энергетикасы багытындагы «Жылуулук энергетикасы»; электр станциялары, электр энергетика системасы жана тармагы, электр менен жабдуу (тармактар боюнча), энергиянын салттуу эмес жана кайра жаралуу булактары, релелик коргоо жана электр энергетикалык тутумду автоматташтыруу, гидроэлектроэнергетика багыты боюнча “Электр энергетикасы”.
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик иш билгилиги:
3.1. Билүүсү:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө»; «Энергетика жөнүндө»; «Электр энергетикасы жөнүндө»; «Энергиянын кайра жаралуу булактары жөнүндө»; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 “Мамлекеттик жөнгө салуучу чарбакер субьекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун: 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент жөнүндө жобо”; 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө жана электр энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча нускама жөнүндө”, 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 193 “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө жана жылуулук энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча нускама жөнүндө”.
3.2. Жөндөмдүүлүгү:
— жогорку жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет элдик тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иш кагаздарын жазуу;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
— командада иштөө.
3.3. Көндүмдөрү:
— талдоо, божомолдоо, жалпылоо жана мониторинг жүргүзүү, ошондой эле алынган маалыматтарды системалаштыруу;
— Министрлер Кабинетине жана аткаруу бийлигинин органдарына отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү талданма материалдарды, маалыматтарды жана отчетторду даярдоо;
— комплекстүү талдоо жүргүзүү жана корутундуну даярдоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— тексттик, графиктик жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
— файлдарды жана папкаларды түзүү, алар менен иштөө (кайрадан ат коюу, көчүрүү, жайгаштыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү);
— сырткы перифериялык жабдууларды кошуу;
— дисктеги мейкиндикти тазалоо (архивин түзүү);
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
— издөө тутумдарын пайдалануу;
— ар түрдүү браузерлер менен иштөө;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда так, сылык өз ара аракеттенүү;
— маалыматтардын ар түрдүүлүгүнүн жана маалыматтардын өзгөрүүсүнүн жогорку ылдамдыктарынын шартында маалымат базалары менен иштөө;
— файлдардын көлөмдөрүн кысуу жана көлөмдүү маалыматтарды жөнөтүү/кабыл алуу;
— бет ачарларды уюштуруу;
— эсептөөлөргө байланышкан сандык маалыматтар менен иштөө;
— таблица, диаграмма жана график түрүндөгү маалыматтарды берүү;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базаларынын маалыматтык тутумдарын пайдалануу;
— веб-конференц-байланышты уюштуруунун тиркемелерин пайдалануу;
— текстти оңдоо жана редакциялоо;
— кеңселик техника менен иштөө (көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдик доска, факс);
— логиндерди жана паролдорду коюу;
— компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздуктун гигиенасын сактоо.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди берүү зарыл:
— өздүк арызы, кадрларды эсепке алуу баракчасы, өмүр баян (соттуулугунун бардыгын же жоктугун көрсөтүү менен), таржымал, сүрөт-2шт. (3х4 өлчөмүндө);
— паспорттун көчүрмөсү;
— керектүү кесиптик билимин тастыктаган документтер – нотариус же иштеген жериндеги кызматкерлерди башкаруу кызматы тастыктаган дипломдун көчүрмөсү;
— нотариус же иштеген жериндеги кызматкерлерди башкаруу кызматы тастыктаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билимдери тууралуу, квалификацияларын

—  жогорулаткандыгы жөнүндө, окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгарылгандыгы жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
Документтер «Конкурска» деген белги коюлуу менен көктөмөгө тиркелип жөнөтүлүш керек.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды беришкен жарандардын конкурска катышуусуна жол берилбейт.
Бардык конкурска катышууну каалагандар 2024-жылдын 29-январынан тартып 16-февраль күнүн 18:00 гө чейин кошо эсептөө менен документтерин Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 119 (Тыныстанов көчөсү менен кесилишет), 3-кабат, 301-кызматтык бөлмө дареги боюнча тапшыра алышат.                    Маалымат үчүн телефондор: 56-14-77.
Конкурска катышуу үчүн бардык кеңири маалыматтар www.regultek.gov.kg. аталышындагы сайтка жайгаштырылган.