Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги борбордук аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматынын административдик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже топторуна кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.
Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:
1)Кыргыз Республикасынын жараны болууга ;
2)21 жаштан кем эмес;
3)кадрлардын резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүүгө.
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:
1.Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
2.Компьютердик сабаттуулук жана зарыл болгон программалык продуктулар (Word, Excel) билүү, анын ичинде төмөнкү билгичтик:
— презентацияларды уюштуруу;
— издөө системаларын колдонуу;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;
— веб-конференц-байланышты уюштуруунун тиркемелерин колдонуу;
— логинди жана паролду орнотуу;
— компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздуктун гигиенасын сактоо.
Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:
Билүүсү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4) «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8) «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.
Укуктук колдоо жана экспертиза бөлүмү
Квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
— гуманитардык илимдер тармагындагы юриспруденция багыты боюнча жогорку кесиптик билими.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялар:
3.1. Билүүсү:
— Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси (I, II бөлүгү), Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси.
— Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболору жөнүндө”, “Энергияны үнөмдөө жөнүндө”, “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө”, “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын инвестициялары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө”;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика” кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы 233 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан 2021-жылдын 26-октябрында бекитилген №570 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Регламенти;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө” Жобосу.
3.2. Билгичтиги:
-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
-түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилени талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
-башкаруу чечимдерин тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
-кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
-көйгөйлөрдү чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
-өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
-чыр-чатакты чечүү.
3.3. Көндүмдөрү:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда буйруктарды жана тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын алардын кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, жаңы формаларды жана иш ыкмалары издөө);
-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана чогултуу;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү.
2. Администрациялык кызмат орундарынын улук тобуна:
Билүүсү:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
4. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
6 . Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Генерацияны өнүктүрүү башкармалыгы
Квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
— энергетика, экономика, гуманитардык илимдер тармагындагы юриспруденция, геодезия жана жерге жайгаштыруу жерге жайгаштыруу жана кадастрлар багыты боюнча жогорку кесиптик билими.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүк:
3.1. Билүүсү:
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө», «Энергияны үнөмдөө жөнүндө”, “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө»;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика” кодекси;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы 233 -токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан 2021-жылдын 26-октябрында бекитилген №570 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Регламенти;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө” Жобосу.
3.2. Билгичтиги:
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-ишкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
-эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
-кызматкерлердин алдына так белгиленген милдеттерди коюу жана алардын ишине объективдүү баа берүү;
-кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү.
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик-укуктук документтерди иштеп чыгуу жана талдоо;
— жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптары боюнча кат-кабарлар менен иштөө;
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө;
— конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;
— ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— ойлорду так жана жүйөлүү баяндоо;
— жакшы аналитикалык жана уюштуруучулук жөндөмдөр;
— стресстик кырдаалдарда ыкчам чечимдерди кабыл алуу жөндөмдүүлүгү;
— натыйжалуу мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын билүү, эл алдында сүйлөө жана ишкердик кат алышуу.
Укуктук камсыздоо бөлүмү
Квалификациялык талаптар:
1.Кесиптик билим деңгээли :
-гуманитардык илимдер тармагындагы юриспруденция багыты боюнча жогорку кесиптик билими.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
-жалпысынан мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы, же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялар:
3.1. Билүүсү:
-Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси (I, II бөлүгү), Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси.
-Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболору жөнүндө”, “Энергияны үнөмдөө жөнүндө”, “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө”, “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын инвестициялары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө”;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика” кодекси;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы 233 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан 2021-жылдын 26-октябрында бекитилген №570 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Регламенти;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө” Жобосу.
3.2. Билгичтиги:
-маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
-кесиптештер менен эффективдүү кызматташуу;
-ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
-жаңы эмгек шарттарына көнүү.
3.3. Көндүмдөрү:
-ченемдик-укуктук документтерди иштеп чыгуу жана талдоо;
-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;
-натыйжалуу мамилелерди түзүү, Ишкердик этикеттин ыкмаларын билүү, эл алдында сүйлөө жана ишкердик кат алышуу;
-ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү.
Корпоративдик башкаруу бөлүмү
Квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
-энергетика, экономика, гуманитардык илимдер тармагындагы юриспруденция, эл аралык мамилелер, экономика жана башкаруу тармагындагы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча жогорку кесиптик билими.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялар:
3.1. Билүүсү:
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын Администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө”, “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө”, “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө”;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика” кодекси;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы 233 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан 2021-жылдын 26-октябрында бекитилген №570 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Регламенти;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө” Жобосу.
3.2. Билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— ишкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
— нормативдик-укуктук актылар менен иштөө;
— кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү.
3.3. Көндүмдөрү:
-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;
-натыйжалуу мамилелерди түзүү, Ишкердик этикеттин ыкмаларын билүү, эл алдында сүйлөө жана ишкердик кат алышуу;
-ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү.
Протокол жана тышкы байланыштар бөлүмү
Квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
— экономика, экономика жана башкаруу тармагындагы менеджмент, гуманитардык илимдер тармагындагы эл аралык мамилелер, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, эл аралык укук же эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү чектеш багыт боюнча жогорку кесиптик билими.
— чет өлкөлүк ЖОЖдордо алган магистр даражасынын болушу, бир чет тилин билүүсү (артыкчылык берилет).
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялар:
3.1. Билүүсү:
-Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө”, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө”;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика” кодекси;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы 233 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан 2021-жылдын 26-октябрында бекитилген №570 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Регламенти;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө” Жобосу.
3.2. Билгичтиги:
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;
-мамлекеттик, расмий жана чет тилдеги иштиктүү кат алышуу;
-командада иштөө;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-ишкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
3.3.Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
-компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.
3. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
Билүүсү:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Генерацияны өнүктүрүү башкармалыгы
Квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
— энергетика, экономика, гуманитардык илимдер тармагындагы юриспруденция, геодезия жана жерге жайгаштыруу жерге жайгаштыруу жана кадастрлар багыты боюнча жогорку кесиптик билими.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
-иш стажына жана тажрыйбасына талаптар коюлбайт
3. Кесиптик компетенттүүлүк:
3.1. Билүүсү:
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө», «Энергияны үнөмдөө жөнүндө”, “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө»;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика” кодекси;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы 233 -токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө” Жобосу.
3.2. Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
— жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо.
— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— өз компетенциясынын чегинде документтерди кароо жана даярдоо;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— командада иштөө.
3.3. Көндүмдөрү:
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу
— конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;
— натыйжалуу мамилелерди түзүү, Ишкердик этикеттин ыкмаларын билүү, эл алдында сүйлөө жана ишкердик кат алышуу;
— ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү.
Адам ресурстары жана иш кагаздарын жүргүзүү башкармалыгы
Квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
— лингвистика (котормо жана котормо таануу) багыты боюнча гуманитардык илимдер, педагогика жаатындагы жогорку кесиптик билим (ишкер адабий жазуу жана оозеки мамлекеттик тилди колдонуу менен мамлекеттик тилге/тилден документтерди которуу көндүмдөрүн билүү).
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
-иш стажына жана тажрыйбасына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялар:
3.1. Билүүсү:
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика” кодекси;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы №255 токтому менен бекитилген “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматты камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө” жобосу.
3.2. Билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
-командада иштөө.
3.3. Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.
Финансы жана техникалык камсыздоо бөлүмү
Квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли :
— эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, техникалык илимдер багыты боюнча жогорку кесиптик билими
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
-иш стажына жана тажрыйбасына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялар:
3.1. Билүүсү:
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Электрондук колтамга жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө”;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабры ПЖ № 64 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика” кодекси;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябры № 760 “Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому.
3.2. Билгичтиги:
— жогорку жетекчилердин көрсөтмөлөрүн сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык ишмердикте колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишиңизди натыйжалуу пландаштыруу;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилде иштиктүү кат алышуу;
— командалык иш.
3.3. Көндүмдөр:
— тармактык жана сервердик жабдууларды орнотуу, конфигурациялоо;
— маалыматтар базасын башкаруу системасын программалоо;
— компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.
— шифрлөө аркылуу маалымат тутумдарын жана маалыматтарды коргоо.
Корпоративдик башкаруу бөлүмү
Квалификациялык талаптар:
1.Кесиптик билим деңгээли:
-энергетика, экономика, гуманитардык илимдер тармагындагы юриспруденция, эл аралык мамилелер, экономика жана башкаруу тармагындагы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, жылуулук-газ менен камсыздоо багыты боюнча жогорку кесиптик билими.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— Иш стажына жана тажрыйбасына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялар:
3.1. Билүүсү:
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын Администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө”, “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө”, “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө”;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика” кодекси;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө” Жобосу.
3.2. Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу.
3.3. Көндүмдөрү:
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;
— натыйжалуу мамилелерди түзүү, Ишкердик этикеттин ыкмаларын билүү, ишкердик кат алышууну жүргүзүү;
— ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү.
Протокол жана тышкы байланыштар бөлүмү
Квалификациялык талаптар:
1.Кесиптик билим деңгээли:
-экономика, экономика жана башкаруу тармагындагы менеджмент, гуманитардык илимдер тармагындагы эл аралык мамилелер, юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, эл аралык укук же эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү чектеш багыт боюнча жогорку кесиптик билими.
-Чет өлкөлүк ЖОЖдордо алган магистр даражасынын болушу, бир чет тилин билүүсү (артыкчылык берилет).
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына жана тажрыйбасына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялар:
3.1. Билүүсү:
-Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө”, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө”;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика” кодекси;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө” Жобосу.
3.2. Билгичтиги:
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
-командада иштөө.
3.3. Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.
Репутацияны башкаруу борбору
Квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
— гуманитардык илимдер тармагындагы журналистика, жарнама жана коомчулук менен байланыш, маданият жана искусство тармагындагы телевидение, журналистика жана оператор, видео режиссер жана монтажер, телеоператор жана монтажер, телевидение жана жана радио коммуникация, режиссер жана оператор, кино оператор жана телеоператор, сүрөтчү жана видео-оператор.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына жана тажрыйбасына талаптар коюлбайт (журналист, оператор-монтажер катары бир жылдан кем эмес иш стажынын болушу (артыкчылык берилет)
3. Кесиптик компетенциялар:
3.1. Билүүсү:
-“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө”, “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө”;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика” кодекси;
-Кыргыз Республикасынын журналисттеринин Этикалык кодекси, 8-декабрь, 2007-жылы журналисттердин республикалык съездинде кабыл алынган (өзгөртүүлөр журналисттердин республикалык конференциясында киргизилген, 16-апрель, 2009-жыл, 8-декабрь, 2012-жыл, 26-Май, 2018-жыл «Кыргызстандагы Медиа: келечекке кадам» форумунда 23-март, 2022-жыл);
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө” Жобосу
3.2. Билгичтиги:
-видеону монтаждоо;
-фото жана видео тартууну жүргүзүү жана камсыздоо;
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-иш менен программаларды (Adobe Premiere Pro, Adobe After Effect, Edius, Microsoft Excel, Word, PowerPoint, Edius, Canva, фото-шоп и. ж. б.)
-ЖМК менен иштөө, интервьюларды, пресс-турларды уюштуруу, тартуу жана монтаждоо;
-техника менен иштөө (камера, фотоаппарат, дрон, компьютер).
-видеоклиптерди даярдоо, тартуу, монтаждоо;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-мониторингди туура жүргүзүү;
-Фейсбук, Инстаграм, Твиттер, Тик ток менен иштөө.
3.3. Көндүмдөрү:
-кесиптик этиканын стандарттарын сактоо;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;
-өзүнүн компетенциясынын чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү.
Сынакка катышуу үчүн “Конкурска” деген папкада төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
— өздүк арыз;
— кадрларды эсепке алуу баракчасы;
— автобиография;
— 3х4 размердеги 2 даана сүрөтү (кызыл фондо);
— резюме (электрондук почтасын жана соттолгондугу бар же жок деген маалыматтары менен);
— негизги жана кошумча кесиптик билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (нотариалдык жактан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн);
— иш стажы бар болсо, эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн) .
— илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо).
Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.
Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 15-мартынан 5-апрелине чейин (кошо эсептелет) саат 09:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат.
Бишкек, ул. Жибек-Жолу 326 ( Орозбеков көчөсүнүн кесилиши ), 2-кабат, 214а-кеңсе, тел.: 0312 670178.
Сынакка катышуу үчүн маалымат www.minenergo@mail.gov.kg сайтында кошумча жайгаштырылган.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар сынакка катышууга киргизилбейт.