ЖАРЫЯ!

 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын  2-февралындагы УП №24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна конкурс жарыялайт:

 

  1. I. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
  2. Кесиптик билимдин деңгээли:

— кайсы болбосун тармактагы жогорку кесиптик билим;

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы, Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы №255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2021-жылдын 28-октябры №233 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобосу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы №238 “Жумушу мамлекеттик сырларга байланышкан жарандардын кызмат маяналарына пайыздык үстөктү төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтому, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 15-декабрындагы №210 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы №451 “Мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин жана кызматчыларынын чет өлкөлүк кызматтык сапарларын жана башка сырткары чыгууларын тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө” токтому.

3.2. Билгичтиги:

— документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдалуусун көзөмөлдөө;

— мамлекеттик жана расмий тилде ишкердик кат алышуу;

— иш кагаздарын жүгүртүүнү натыйжалуу пландоо.

3.3. Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикетинин ыкмаларын билүү;

 

  1. II. кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат ордуна:
  2. Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку кесиптик билим, төмөндөгү багыттар боюнча: өзгөчө кырдаалдарда коргонуу, техносфердик коопсуздук, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият илимдери, гуманитардык илимдери, педагогикалык билим, саламаттык сактоо, экономика жана башкаруу, маалыматтык коопсуздук, тоо-кен илимдери, айыл чарба, геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, электроника, радиотехника жана байланыш, техника илимдери, техносфералык жана өрт коопсуздугу, жаратылыш жана гидрометеорология, аскердик билими;

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы, Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-апрелиндеги №159 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы эвакуациялык комиссиясы жөнүндө”, 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө», 2019-жылдын 6-майындагы №212 “Аймактарды топторго, уюмдарды — Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 6-майындагы №213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 11-ноябрындагы №597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 13-майындагы №219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 28-январындагы №16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2019-жылдын 23-октябрындагы №569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, 2019-жылдын 19-февралындагы №58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.

3.2. Билгичтиги:

— жарандар менен иштей билүү жөндөмү;

— калкты эвакуациялоо жана көчүрүү пландары менен иштей билүү жана сунуш берүү;

— курулуш эрежелерин жана нормаларын билүү;

— медицина жана химия боюнча түшүнүгү;

— карталар менен иштей билүү жөндөмү;

3.3. Көндүмдөрү:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

— түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

— жеке арызын,

— кадрларды каттоо баракчасын,

— өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен),

— резюмени (электродук даректи көрсөтүү менен), сүрөтүн;

— паспорттун көчүрмөсүн;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтеринин көчүрмөлөрү;

—  нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);

— илимий даража же илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү.

Документтерди 2023-жылдын 24-июлуна чейин Кадр бөлүмүнө тапшыруу керек.

Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Баткен шаары, Н.Исанова 5, (Кадр бөлүмү), Байланыш телефондор: 0778 212131, 0770 224251