КР ӨКМне караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча
департаменти Ош шаары, Моминова көчөсү, №1.
Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна
төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, курулуш, тоо иштери, геолгия, геодезия жана жерге
жайгаштыруу.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1 Төмөнкүлөрдү билүү:
Негизги мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципиалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3 – мартындагы
№ 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын
жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”;
-“Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар жөнүндө”;
— “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу
жөнүндө”;
-“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы
№ 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын
жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 6-
майындагы № 212 “Аймактарды топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу
боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнундө”;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий
тилдерди билүү.
3.2 Билгичтиги:
— алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды
колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу
кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
— өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
3.3 Көндүмдөрү:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды
тажрыйбада колдоно билүү;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын
билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик
кат алышуу;
-тапшырмаларды аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу;
-жумушту жана иш убактыны мерчемдөө.
4. Кызматтык милдеттери
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
— жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону
камсыз кылуу;
— кызматтык этика ченемдерин сактоо;
— Департаменттин ички эмгек тартибинин, кызматтык нускамалардын
эрежелерин, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара
аракеттенүү тартибин сактоо;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү квалификациянын
дэңгээлин сактоо;
— ченемдик укуктук жана башка актыларды иштеп чыгуу жана/же
макулдашуу;
— өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын
кайрылууларын кароо;
— жетекчилер тарабынан берилген буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү,
ошондой эле бөлүмгө берилген иш кагаздарды өз учурунда жана сапаттуу
аткарат;
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
— арыз бош кызмат орундун так аталышы менен, кадрларды каттоо
баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө
маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөт 3х4 4 даана;
— паспорттун көчүрмөсү;
— эмгек китепчесинин, кесиптик билимин, илимий даражасын же илимий
наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды
башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.
Сынакка катышуу үчүн документтерди төмөнкү адрес боюнча берүү
керек: Ош шаары, Моминова көч.11, каб.204.
Документтерди сынак жарыяланган күндөн тартып 2023-жылдын
04-августуна чейин кечиктирбестен кадр жана иш кагаздары боюнча башкы
адисине тапшыруу зарыл.
Байланыш телефондор: (0551) 11 22 00