Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы  №24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялайт:
I. Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— баардык тармактагы жогорку билим, анын ичинен эл аралык кызматташтык, чет тили, гуманитардык илимдери боюнча артыкчылык берилет.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын Конституциялык “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө», “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын — Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндө», «Мамлекеттик протоколу жөнүндө», «Эл аралык келишимдери жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Эл аралык чукул жардам жөнүндө» Мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн: 2019-жылдын 28-майындагы №232 “Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө”, 2017-жылдын 19-июнундагы №389 “Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2015-жылдын 2-декабрындагы №817 “Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
— чет элдик өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташтык боюнча документтерди талдоо жүргүзүүнү билүү;
— эл аралык уюмдардын кызматкерлери менен эффективдүү кызматташууну, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү, тышкы жана ички кызматташууну;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө англис тилин билүү.
3.3. Көндүмдөрү:
— чечимдерди ыкчам түрдө чыгаруу жана ишке ашыруу;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикетинин ыкмаларын билүү.
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

II. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, экономика жана башкаруу, финансы жана бухгалтердик эсеп жана аудит.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы жана экономикалык адистик боюнча бир жылдан кем эмес иш стажы.
-Ички аудитордун квалификациялык сертификаты болушу зарыл.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» , «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтомун.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;
— Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Ички аудит жөнүндө” Мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
— аналитикалык документтерди түзүү ыкмалары, презентациялык көндүмү, аналитикалык жөндөмү;
3.3. Көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
— паспорттун көчүрмөсүн;
— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).
Документтерди 2023-жылдын 11-сентябрына чейин Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө тапшыруу керек.
Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, каб.613 (Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө), тел.:323385