Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар; 1) Кыргыз Республикасынын Конститупиясы; 2) «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы, 3) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4)“Жарандардын кайрылууларыно кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5)-Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 6) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама Улук кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар; 1) Баардык багыттагы жогорку билим: – Улук кызмат орундары – жогорку билим; 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү (предметтик мыйзамдар): «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын; Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө кодексин; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ”; Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-июнундагы №306 «Айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн аз өндүрүмдүү Айыл чарба жерлерин берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому; Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө» токтому. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – Билгичтиги: Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; Аналитикалык документтерди даярдоо; Тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; Эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – Көндүмдөрү: Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; Ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; Башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, Санарип, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы). Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген документтер) тапшырылат: конкурстук комиссиянын төрагасынын атына телефон номерин көрсөтүү менен жеке арызы; резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); паспорттун көчүрмөсү (оригиналы конкурска киргенде көргөзүлөт); дипломдун көчүрмөсү (түп нускасын алып келүү менен бирге); эмгек китепчесинин көчүрмөсү (түп нускасын алып келүү менен бирге); билимин жогорулаткандыгын тастыктаган документтери; Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу; Конкурска катышууну каалаган адамдар мамлекеттик “e-Kyzmat” порталындагы жеке кабинет аркылуу (https://kyzmat.gov.kg/kg) электрондук форматта өтүнмөнү, белгиленген талаптарга туура келген электрондук документтерди жана маалыматтарды жарыя чыккан күндөн тартып жумушчу 10 күндүн ичинде саат 18-00гө чейин тапшыруу керек. Коюлган квалификациялык талаптарга жооп бербеген жарандар конкурска катышууга жолдомо ала алышпайт. Жазуулар боюнча багыттоо Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүндө муниципалдык кызматтын башкы, улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүүгө сынак өткөрүү үчүн ачык сынак жарыялайт Кулунду айыл өкмөтү муниципалдык кызматтын жооптуу катчы, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы, башкы, улук топтогу административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт: