Нарын райондук билим берүү бөлүмү Кыргыз Республиксынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн улук жана кенже кызмат орундарына.

Улук кызмат резерв кадрына киргизүү үчүн квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деӊгээли жана иш стажы:
-педагогикалык багыттагы жогорку билим, иш стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
-Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”,
“Мугалимдердин статусу жөнүндө”,
“Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө”,
“Жалпы билим берүү мекемелеринде ысык тамакты уюштуруу жөнүндө” Мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги жөнүндө Жобону;

3) Иш билгичтиги:
— Талапка ылайык иш алып барууда мамлекеттик жана расмий тилдерин тиешелүү деңгээлде билүүсү;
— компьютер жана оргтехника менен иштөөнү билүү;
-Статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну колдоо үчүн маалымат өндүрүү;
— Тест, графика жана электрондук жадыбал редакторлору менен иштөө;
— Файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жокко чыгаруу жана калыбына келтирүү);
— Тышкы перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруу;
— Диск мейкиндигин тазалоо (архивдештирүү);
— Компьютерде жана социалдык тармактарда иштөө, издөө, алмаштыруу, маалыматты сактоо, Интернет, электрондук почта ж.б.;
-Электрондук каттарды жөнөтүү жана кабыл алуу;
— Microsoft Excel, Power Point, Word менен иш алып баруу;
-Ар түрдүү браузерлер менен иштөө;
-Офистик техникалар менен иш алып барганды билүү:
-факс.
-принтер.
-сканер.
-проектор жана интерактивдүү доска.
-көчүрүү аппараты.

Кенже кызмат резерв кадрына киргизүү үчүн квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деӊгээли жана иш стажы:
-педагогикалык багыттагы жогорку билим, иш стажысына талап коюлбайт.

Төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
-Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”,
“Мугалимдердин статусу жөнүндө”,
“Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Мыйзамдары;
3) Иш билгичтиги:
— Талапка ылайык иш алып барууда мамлекеттик жана расмий тилдерин тиешелүү деңгээлде билүүсү;
— компьютер жана оргтехника менен иштөөнү билүү;
-Статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну колдоо үчүн маалымат өндүрүү;
— Тест, графика жана электрондук жадыбал редакторлору менен иштөө;
— Файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жокко чыгаруу жана калыбына келтирүү);
— Тышкы перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруу;
— Диск мейкиндигин тазалоо (архивдештирүү);
— Компьютерде жана социалдык тармактарда иштөө, издөө, алмаштыруу, маалыматты сактоо, Интернет, электрондук почта ж.б.;
-Электрондук каттарды жөнөтүү жана кабыл алуу;
-Ар түрдүү браузерлер менен иштөө;
-Microsoft Excel, Power Point, Word менен иш алып баруу;
-Офистик техникалар менен иш алып барганды билүү:
-факс.
-принтер.
-сканер.
-проектор жана интерактивдүү доска.
-көчүрүү аппараты.

Конкурска катышууга керектүү документтердин тизмеси:
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди жөнөтүүгө тийиш:
1. жеке арыз, какдрларды эсепке алуу баракчасы, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндөгү маалыматтарды көрсөтүү менен), резюме, фотосүрөт;
2. паспорттун көчүрмөсү;
3. тиешелүү адистик боюнча жогорку билимин, иш стажы жана квалификациясын аныктаган документтер (нотариалдык жактан же иштеген жери боюнча персоналдарды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин, жогорку билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтердин, окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы тууралу дипломдорунун көчүрмөсү);
4. сунуштама каттар кошумча тиркеме катары тиркелсе да болот;
жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.

Документтерди жарыя чыккан күндөн тартып он күн ичинде Нарын шаары, Мамбеталиев Таранчы көчөсү № 20 дарегине Нарын райондук билим берүү бөлүмүнө тапшыруу керек, тел: 03522 51827.